Футбол-2018: Франция финалга чыкты

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Франциянын курама командасы жарым финалда Бельгияны утуп алды. Оюн 11-июлга караган түнү «Санкт-Петербург» стадионунда орун алып, 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Жалгыз голду Франциянын коргоочусу Самюель Умтити киргизди.

Натыйжада Франция 12 жылдан кийин кайрадан финалга чыкты. Акыркы жолу 2006-жылы финалга чыгып, жеңишти Италия курама командасына алдырып жиберген болчу.

Кмймнки жарым финалдык беттеш Хорватия жана Англия командаларынын оюнунун жеңүүчүсү финалда Франция менен, утулганы үчүнчү орунга Бельгия менен ойнойт.