Сокулуктун базарында 10 жаштагы кыз зордукталды

Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жаштагы кыз белгисиз адам тарабынан зордукталды.  бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-июлда саат 14:00дөр чамасында болгон. Учурда тиешелүү издөө иштери жүргүзүлүп, шектүүнү кармоо үчүн мыкты ыкчам кызматкерлер тартылган.

Ошондой эле Кылмыш жаза кодексинин «Күч колдонуп зордуктоого аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.