Коррупция менен күрөшүү максатында ачылган эсепке 39 млн. сом которулду

Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында өндүрүлүп, кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура бир жуманын ичинде 39 млн. сом түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүдө бул багыттагы жумуш улантылып жатканы айтылат. Өкмөттүн маалыматы боюнча эсеп казыналыктын системасында ачылган. Андагы каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт. Бийликтин божомолу боюнча саамалык акчаны бөлүштүрүүнүн жана анын эсебин алуунун натыйжалуулугун арттырып, каражатты максаттуу пайдаланууга жол ачат.

Эскерте кетсек, коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда тапшырган. Натыйжада Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго 3-июлда кол койгон.

One thought on “Коррупция менен күрөшүү максатында ачылган эсепке 39 млн. сом которулду

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *