Криштиану Роналду италиялык «Ювентуска» өттү

Криштиану Роналдунун «Ювентус» клубуна өткөнүн «Реал Мадрид» расмий билдирди. Трансфердин суммасы айтыла элек, бирок буга чейин италиялык басылмалар аны 100-105 миллион евро деп баалашкан.

33 жаштагы футболчу Королдук клубга 2009-жылы 93 миллион еврого «Манчестер Юнайтед» клубунан өткөн. Испаниялык клубда Роналду 15 трофей жеңип алган. 4 жолу Чемпиондор лигасын утуп, эки ирет Испания чемпионатын, 2 жолу Испаниянын кубогун, эки жолу Испаниянын суперкубогун, эки жолу УЕФАнын суперкубогун, 3 ирет дүйнөнүн клубдук чемпионатын жеңип алган

Жалпысынан Роналду «Реалда» 438 оюнда ойноп, 450 гол киргизген.