Атайын эсепке эми УКМК 96 миллионго чукул каражат которду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке 95,9 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК эсепке салган акча мекеменин коррупция менен күрөшүү боюнча ишмердигинин натыйжасында алынган.

Буга чейин эсепке алгачкы каражатты Башкы прокуратура 39 миллион сом которгону айтылган.

Эскерте кетсек, коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда тапшырган. Натыйжада Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго 3-июлда кол койгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *