Табылды Матсаков Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Табылды Матсаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.