12-июлга карата аба ырайы

12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

12-июлда күндүз да кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө түнү да, күндүз да жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ошто, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Баткен облусундатүнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28 градус болот.

Бишкекте 12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.