Футбол — 2018: Финалда кимдер ойной турганы аныкталды

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда Хорватия менен Англия курама командалары кездешти.

Эки команданын оюну Москвадагы «Лужники» стадионунда 12-июлга караган түнү өттү.

Беттештин 5-мүнөтүндө Англия курамасынын коргоочусу Киран Триппьер айып соккудан оюн эсебин ачты. 68-мүнөттө Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич эсепти теңей алды. Негизги убакыт 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча убакыт берилди.

Анда хорватиялыктар 109-мүнөттө чабуулчу Марио Манджукичтин жардамы менен алдыга озуп чыгышты.  Натыйжада Хорватия 15-июлда финалдык беттеште Франция менен күч сынашат. Ал эми жеңишти колдон алдырган  Англия болсо коло медал үчүн Бельгия менен ойнойт.