Жалал-Абадда жер титиреди

11-июль күнү саат 23.34тө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, силкинүү Токтогулдун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары менен Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

Министрликтин маалыматы боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *