Бишкектин жардамысыз көйгөйлөрүбүз чечилбейт

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бишкекте Жогорку Кеңештин айым депутаттары менен “Аялдардын демократиялык коомдук бирикмеси” уюмунун биргелешкен форумунда аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Форумга Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген шаардык жана айылдык кеңештердин депутат айымдары чакырылган. Аталган уюм саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү кеңештердин айымдары тарабынан 2012-жылы түзүлгөн. Учурда уюмдун 7000дөн ашык мүчөсү бар жана өзүнө 50дөн ашык коомдук уюмду камтыйт. Элеттик айымдардын суроолоруна Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жооп берди. Гезитибиз аялдар форумунда айтылган айрым маселелерге токтолууну туура көрдү.

Эленора СЫЙДАНОВА, Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылдык кеңешинин депутаты: “Эскирген түтүк, суу тартыштыгы жүдөттү”

Москва районунда суу түтүктөрү 1965-жылы курулгандыктан, эскилиги жетип, бүт алмаштырууну талап кылууда. Жылдан жылга элге таза суу жеткирүү кыйындап бара жатат. Беловодск айыл аймагында суу чыга-рып, калкка таратуучу төрт станция бар. Ага жергиликтүү бюджеттен бир аз каражат бөлүнүп жатканы болбосо түтүктөрдү биротоло жаңыга алмаштырууга каражат жетишпейт. Айтор, калкка ичүүчү суу жеткирүүдө мамлекеттин жардамысыз бул аймакта суу тартыштыгын чечүү мүмкүн болбой жатат.

Айнура ӨМҮРКАНОВА, Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты: “Чакан ишканалар үчүн инвестиция керек”

Тоңдо кышында дээрлик кар түшпөйт. Дыйкандар жаз келгени жерди сугарууга аргасыз болуп отуруп, айдап-себүү иштерин кечеңдетип жиберишкен учурлар аз эмес. Тоңдун малы кышкысын да, жайкысын да жайыттарда жүргөндүктөн жайыттардын асылдуулугу жоголуп, такырданып бара жатат. Жети-Өгүз районунун эли өрүктөн жакшы түшүм алып жатышкан. Быйыл өрүктү үшүк алып кеткендиктен түшүм кыйла аз. Райондордо айыл чарба техникаларынын жетишсиздигинен убагында жыйналбаган түшүм коромжу болуп турат.

Дээрлик бардык айылдарда сүттүн баасы түшүп отуруп, суудан арзан болуп калды. Бүгүнкү күндө сүт 12 сомго түшкөндүктөн уй багууга кетирген чыгым акталбай калды. Азыр эле чөптүн бир таңгагы 130-140 сомго чыгып жатат. Айылдарда айыл чарба адистери жетишсиз. Ар бир үй-бүлө малын өзү билгендей дарылап, баары эле “ветеринар”, “агроном”, “зоотехник” болуп кетишти. Бардык талаптарын колдонуу менен иштетсе балык чарбасы кирешелүү тармак. Бирок, балык баккан ишкерлердин ихтиология илими тууралуу түшүнүгү аз болуп жатат. Жакында көп насыя алып, балык өстүрүп жаткан эки ишкердин көлмөлөрүндө оору пайда болуп, балыктары кырылып калды.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө биоорганикалык жер семирткичтер чыгарылууда. Бирок ал кымбатыраак жана аз көлөмдө болгондуктан, дыйкандар Кытайдын арзан жер семирткичтерин сатып алып колдонууга аргасыз. Муну менен жердин асылдуулугу кетип жатат. Жакынкы жылдарда жер кыртышын биротоло талкалап алабыз деп адистер коңгуроо кагышууда. Ысык-Көл облусуна туризм тармагы үчүн гана көңүл бурушат. А чынында күнөсканаларды куруу, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн инвестиция тартууга, жаратылышы катаал райондорго жеңилдиктерди берүү жагынан парламент депутаттары демилгебизди колдоп, жардам берсеңиздер. Өкмөттүн жеңилдетилген насыясына кезекке жазылып алып, 1-2 айлап күтүп жатабыз. Дыйкан насыяны алган учурда жазгы-талаа жумуштары бүтүп калууда. Жеңилдетилген насыяны кимдер алып жатканы элге ачык болушу керек эле. Аз пайыздуу, узак мөөнөттүү насыяларды берүү боюнча Өкмөт, парламент колдоо көрсөтсө дейбиз.

Наталья ДУБИНИНА, Чүй облусу, Кемин шаардык кеңешинин депутаты: “Тез жардам” жетпейт, ФАПтар эскирди”

– Кемин районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты 1988-жылы курулуптур. Бейтапканасы райондогу 57 миң 108 адамды тейлеп, өтө оордук келүүдө. Райондук оорукананын дартты аныктоочу жабдуулары тартыш болгондуктан Бишкекке барууга туура келет. Бул социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, улгайган адамдарга чоң кыйынчылыкты туудурат. Айрыкча, онкологиялык оорулардын баштапкы этабын, ичеги-карын дарттарын аныктай турган жабдуулар жок. Бейшеке, Бообек, Ак-Түз, Жол-Булак айыл өкмөттөрүндө ФАПтардын имараты эскирип, небактан бери мамлекеттик стандартка туура келбей калгандыктан алардын жаңыларын курбаса болбойт.

Райондук ооруканада жалгыз гана “Тез жардам” автоунаасы бар. Ал 7 айыл аймагын жалгыз тейлөөгө үлгүрбөгөндүктөн оорулуу каза болуп калган учурлар кездешип келе жатат. Оорукананы оңдоодон өткөрүүгө республикалык бюджеттен 14 млн.800 миң сом каралган. Бирок, оорукананы медициналык жаңы аппаратуралар менен жабдыбаса, абал оңолбойт, ооругандар жардам алалбаса, имаратты оңдотуп койгонубуз бекер.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *