Тянь-Шань бугусу Аксыга жер которду…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыздар үчүн бугу ыйык жаныбар. Эл арасында бугу-марал тууралуу не бир уламыштар кездешет. Кыргыз урууларынын арасындагы бугу уруусунун келип чыгышы да мүйүздүү бугу эне менен байланышкан. Бугу – эркеги, маралы – ургаачысы, бирок, кыргыз уламыштарында мүйүздүү Бугу Эне делет. Анын себебин чечмелесек узак кеп.

Бугу  тууралуу  сөз  кылганыбыз, Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 9 баш Тянь-Шань бугусун Нарын облусунун Нарын мамлекеттик коругунан Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Балтыркан корукчасына көчүрдү.

Алардын  ичинен  төртөө  марал,  бирөө быйыл жаңы туулган музоо. Реинтродукциялоонун негизги максаты – маралдын санын көбөйтүү, сактоо жана байыр алган жерлерин кеңейтүү болуп саналат. А эмне үчүн Аксы району тандалып алды дегенге токтолсок, буга чейин ал жерлерди Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери барып көрүшкөн. Ал жерлерде Миң-Теке, Бугулуу-Төр деген эски аталыштар болгон менен, бугу жашабайт.

Бугу-маралдарды көчүрүү атайын жабдылган авто унаа менен аталган мамагенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын жана ветеринардык кызматтын кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлгөн. Учурда Балтыркан корукчасына көчүрүлгөн 9 баш Тянь-Шань бугусунун абалы жакшы жана мамлекеттик агенттиктин кызматкерлердин көзөмөлүндө болууда. Басма сөз кызматынан көчүрүлгөн маралдарды коргоо жана сактоо иш-чараларын Мамлекеттик кызматкерлери коомдук уюмдун, жергиликтүү Аксы районунун тургундары менен биргеликте жүргүзүлөт деп ишендиришти.

Эске салсак, Балтыркан корукчасы Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Авлетим токой чарбасынын аймагында орун алган, Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешет. Авлетим суусунун өрөөнүндө. Аянты 304 га. Калың токойлуу, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 504 гектарды түзөт жана бугу-маралдардын жашап кетүүсүнө ыңгайлуу шарты бар. Корук 1975-жылы Аксы районунун аймагында Теңир тоонун эндемиги болгон көк карагай токоюн сактоо максатында уюшулган. Мамлекеттик агенттик реинтродукциялоо иш-чараларын мындан ары да улантып Тянь-Шань бугусун Кыргызстандын башка аймактарына да көчүрүүнү болжолдоодо.

Бул долбоор «Жамаат Алан-Тоо» коомдук бирикмесинин демилгеси жана Мамлекеттик агенттиктин, Кристенсен Фонду (TCF), Кремниевая долина фондунун астындагы Ди Каприонун Ак илбирсти сактоо боюнча фон-дусунун (LDF) (SVCF) каржылык колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *