Бүгүнкүнүн коңгуроосу же бактысыз балдардын үнү

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ата-энебиздин маңдайында мотурайып, момпосуй жеп, ойноп-күлүп отурган күндөрдү сөз кылганда “Жашоонун эң кызыктуу окуялары – бир гана балалыкта кездешет” деп айтабыз. Ал эми азыр наристелер эмнени айткысы келет? Алардын ички үнүн уга алабызбы?

Беш  жашар  кыздын  аты  Камила экен. Апасын улам-улам кучактап, өпкүлөйт. Колунан бекем кармап алган. Тап-такыр жанынан чыгаргысы келбейт. Наристенин көздөрүндө белгисиз муң бар. Жаро-окер кыздын апасын өзгөчө жалбара карап, жанынан карыш жылбай отурганынын себе-би мында экен.

***

Ооруканада кезек күтүп отурган маалда сөз арасында Камиланын апасынан буларды уктум.

“Тагдыр ар кандай бурулуштарга бай экен. Үй-бүлөлүк бактым ыдырайт деп ойлогон эмесмин. Ким эле болсун, толук кандуу, ынтымагы бекем, коломтосу жылуу үй-бүлөсүн сактап калгысы келбесин. Аракет кылдым көп жолу. Аялзаты катары түндүктү ураткым келген жок. Сабырдуулук менен баарын көтөрдүм. Бирок, жолдошум ичкилигин уланта берди. Бул экөөбүздүн ажырашуубуз менен аяктады. Кызым Камиланы ойлогондо жүрөгүм толгонуп, көп кыйналчу болдум. Ал терең билим алып, акыл-эстүү болуп чоңоюшун каалайм. Ал үчүн бардык аракетимди жумшагым келди. Турмуштук жетишпестиктен улам, жеке компания аркылуу Түркияга барып иштөөнү туура таптым.

***

Ошол күнү мен Түркияга түнкү рейс менен учуп кетмекмин. Сааттын жебеси жакындай баштады. Кызымды карасам, мемиреп уктап жатат. “Кандай керемет жан. Ушул наристемди калтырып, алыска кеткени жатам, ээ. Түбүң түшкүр дүнүйө, аай. Кандай гана аргасыздык…” дедим ичтен толгоно. Көз жашыма муунуп, араң отурдум. “Суу ичип, катыган нан жесем да кетпей эле койсомбу?! Берекем менен, ушул тоодой бактым менен бирге болсомбу?!” деп көңүлүм сыздап турду.

Аргасыздык… Артка кайрыла алган жокмун. Камилам кызуу уйкуда жатканда көөдөй караңгы түндө карааным улам алыстап, аэро-портту утурлай багыт алдым.

***

Жеке компания аркылуу Түркияда үч күндөн кийин эле мага ылайык келген жумуш табылды. Карып калган абышка-кемпирди багып жаттым. Кемпир кант диабети менен ооруйт экен. Анын дарыларын убагында берип, тамак-аш жасап, үй-жыйнап, айтор эртеден-кечке майда-барат тирилик. Жумасына бир ирет шаарга чыгып, эс алып келүүмө уруксат беришет. Бактыма жөнөкөй, адамгерчиликтүү кожоюндар кезикти. Болбосо айрым мекендештерибиз кара мүртөз, таш боор кожоюндарга кабылып, кыйналып, улам жумушун алмаштырган учурлар да кездешет.

***

Убакыт токтогон жок. Иштеп жатканыма билинбей үч ай болду. Бул аралыкта кызым оюмдан кеткен жок. Тамак да жүрөгүмө баспай, өңдөн азып кеттим. Бир күнү бир тууган эжем чалып, кызым кусалыктан катуу ооруп жатканын билдирди. Жүрөгүм тызылдап, бир орунга отура алган жокмун. Дароо билет алып, мекенимди көздөй жөнөдүм. Эжемдикине келип, короодон баш багаарым менен кагылайын Камиламдын жалынычтуу үнүн уктум.

“Апа, апаке!” Кичинекей колдорун созгон бойдон мен тарапка умтулду. Тизелей отура калып, кызымды кыса кучактадым.

“Апа! Сиз мени таштап кеттиңиз! Мен уктап жатканда калтырып кеттиңиз! Эми антпейсизби? Эми кетпейсизби?!”

“Ананайыным! Жаркыным менин! Кетпейм!.. Кечир мени, кызым! Жашоомдун бакыты, садагам менин” Буркурап ыйлап жаттым.

***

Кызым мен келгени жанымдан карыш жылган жок. Баладай болуп, эки жакка чыгып ойнобойт дагы. “Апаке!” деп колумдан бекем кармап алып, мени дагы кетип калбасын дегендей жалооруй карайт.

Түнкүсүн бир топко чейин көз ирмебей, мени кайтарып жатат. “Эмнеге уктабай жатасың?” десем “Сиз дагы мен уктап жаткан кезде ке-тип калсаңызчы?” дейт күнөөсүз көздөрү менен телмире карап. Муну угуп, жүрөгүм тилинип кетет. Таш боор тагдыр наристени да уйкусуз абалга кептелтип жатканын карачы!!!

Алдыда жашоонун кандай бурулуштары бар, так билбейм. Бирок, эне катары наристемдин жанында болуп, ага мээрим төккүм келет. Камиламды эми зарыктырып, кусага, сагынычка батыргым келбейт. Мен эми эч жакка кетпейм!…”

***

Бул жүздөгөн Камиланын, миңдеген мигранттардын балдарынын ички кыйкырыгы. Камила атасынын ичип кеткенине же апасынын тиричилик үчүн алыска сапар алганына да күнөөлүү эмес болчу. Ал азыр түн бир оокумуна чейин апасынын колдорун бекем кармап, жалооруган көздөрү менен телмире карап, уйкусуз жатат. Анын бактылуу балалыгын эмне толуктай алат? Анын сагыныч, кусалык каптаган муңдуу көздөрүн ким түшүнөт?! Бул Камиланын коңгуроосу. Бул бүгүнкү күндүн коңгуроосу!