Эстакадалык көпүрөнүн 60%ы курулуп бүттү

Бишкек шаарында эң алгачкы эстакадалык көпүрө салынып жатат. Учурда курулуш иштеринин 60%ы аяктап калды.

Узундугу 95, туурасы 18 метрге жет-кен эстакадалык көпүрө Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүгүн
бириктирмекчи. Курулуш соңуна чыккандан кийин төрт тилкелүү кєчє Ауэзов көчөсүнөн Алыкуловго чейин узартылып, шаардын батышынан чыгышына чейин кесип өтөт.
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиргендей, жол 6 чакырымга узарып, жалпы жонунан 15 чакырымды түзмөкчү. Көпүрө темир жолдун үстүнөн өтөт. Ошондой эле, аны быйыл соңуна чыгаруу пландалган. Белгиленген мөөнөтүндө ишке берилеби, жокпу аны алдыдагы убакыт көрсөтөр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *