Бишкекте коомдук унаалардын айдоочуларынын жол эрежесин билүүсү текшерилет

Бишкек мэриясы коомдук унаалардын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежесин билүүсү боюнча текшерүу жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди.

Анын айтымында, мындай сынак өткөн жылы да өткөрүлгөн. Анда жыйынтык абдан начар болгонун, текшерилген 100 айдоочунун 15 % гана сынакты жакшы тапшырганын айтат.

Вице-мэр билдиргендей, бул жылы да айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин билүүсү сыналат. Ким ал сынактан өтө албаса ал айдоочулар жумуштан четтетилет.

Милицкийдин айтымында, борбор калаанын көчөлөрүнө күнүнө 105 троллейбус, 120 автобус жана 1700 кичи автобус чыгат.