«Тазалыктын» кызматкерин уруп кетишти

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын жумушчусу ур-токмокко кабылып, Травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды.

“Тазалыктын” басма сөз катчысы Жибек Каракееванын айтымында, окуя 11-июлда Лущихин көчөсүндө жол талашуудан улам болгон. “Акыркы контейнерди бошотуп алганча күтө тургула”,- деп биздин жумушчулар суранганча эле эки бала келип таштанды жүктөлүүчү машинанын айдоочусун жетелеп кетишти, калган экөө дагы бир жумушчубузду муунтуп, таш менен ура башташты, — дейт Ж.Каракеева.