Алгачкы миллиондор атайын эсепке түшө баштады. Башталышы жаман эмес!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Өкмөттүн токтому менен ачылган Финансы министрлигине караштуу Бирдиктүү депозиттик эсепке коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардын алды которула баштады. Бүгүнкү күнгө чейин бул эсепке УКМК 95,9 млн.сом, Башкы прокуратура 39 млн.сом которгону белгилүү болду. Ошону менен жалпысы 134,9 млн.сом келип түштү. Мунун өзү Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү жемишин бере баштаганын көрсөтүп турат.

Эсепке түшкөн акча элдин көзөмөлүндө болот

Социалдык тармактарда бул эсептеги каражаттар дагы өсөт деген ишенимдүү пикирлер айтылууда. Эл деле ушуну күтүп жатат. Анткени туташ коррупциялашкан же болбосо коррупциялык көрүнүштөр оркоюп чыгып турган дээрлик бир да тармак калбаган Кыргызстанда бул багыттагы башталган иштин чети да оюла элек. Фактыларга кайрылсак, мындан төрт жыл мурда эле Кыргызстандын коррупциядан тарткан бир жылдык зыяны 30 млрд. сомду (600 млн. доллар) түзөөрү расмий айтылып жүрчү. Ушул эле укук коргоо, күч органдары анда деле билек түрө иштеп жаткандай көрүнчү. Айталы, 2013-жылы 876,4 млн. сомдук коррупциялык зыян келтирүүлөр табылды дешкени менен, “чымырканып чыңданып жатышып” болгону 182 млн. сомду ордуна койдурганын жыл бою айтып түгөтө албай  коюшкан. Кийинки жылдары деле оозангандары ушул цифралар эле. Бирок, бул каражаттар кайда кетти, кандайча пайдаланылды эл билбей деле калган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган атайын эсептинжөнү башка. Бул эсепке коррупция менен кармашка аттанган Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын коррупциядан казып чыккан каражаттары которулуп, анын кайда жумшала тургандыгы жалпы эле элдин көзөмөлүндө болот.

Салык кызматы «саап» жатат

Ал эми коррупциянын тамыры терең. Каза берсең түгөнбөгөн Кадамжай десек да болот. Анын үстүнө Президент тарабынан коюлган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүү талабы баарыдан мурда мамлекеттик системанын бардык бутактарына жан киргизип, дем байлатканын көрүп жатабыз. Айталы, мамлекеттик салык кызматы коррупциянын анык уюгу катары белгилүү болуп келген. Баарыбыз адамдын башын айланткан схемалар бул мамлекеттик кызматты чырмап алганын сезип эле турчубуз.

Бирок, коррупцияга каршы жарыяланган күрөштөн Салык кызматы да ойгонуп кетти окшойт. Дагы эле фактыларга кайрылсак, жыл башынан бери Салык кызматы ишкердик  субъектилерде 4 миң 817 текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 19,9 млрд. 969,9 млн. сом салык жашырылганын аныктап чыгышыптыр.  Капырай, мынча каражатты кимдер, кайсы таштын алдында катып жатты болду экен? Салык кызматы бул тейинде жүрүп отурса, дагы далай каражаттын башын ачып чыгат окшойт.

Кара тизме качан киргизилет?

Ошол эле учурда бүгүнкү жасалып жаткан реалдуу кадамдар көпчүлүктү дагы бир ойго түртүүдө. Бул коррупционерлердин кара тизмесин түзүү идеясы. Жыл башында Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев Кыргызстанда прокуратура, күч органдарында иштеген, коррупцияга малынып атын булгап алган кызмат адамдарынын кара тизмеси түзүлө тургандыгы тууралуу билдирген. Ага ылайык андай адамдар көздөрүнө май талкан көрүнгөн кызмат орундарына экинчи кайтып келе алышпайт. Сыягы, бул тизме бир гана күч структураларына тиешелүү болбостон, дагы кеңейе турган болуп калды. Анын үстүнө Президент Сооронбай  Жээнбеков парламентке, элге кайрылуусунда коррупционерлер эл аралап баса албай калгандай жагдай түзүлүшү керектигин айткан.

Ушундан улам “Коррупционер деген ким жана кайдан чыгат?”,- деген суроо жаралбай койбойт. Белгилүү болгондой карапайым адамдар коррупциянын курмандыгы болушу мүмкүн, бирок аралаша албайт. Коррупциянын жайкалган жашыл төрү колунда бийлиги, мамлекеттик ресурстарга, бюджет каражаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар чиновниктердин жайыты болуп саналат. Андыктан айтылып жаткан кара тизменин жол жобосун аныктап, эртерээк ишке киргизсе, көпчүлүк эл “тээтиги коррупционер” дешип, сөөмөйү менен көрсөтүп, жанына баргандан жаа бою качып турса, андан артык жаза жок.

Коррупционер кайдан чыгат?

Эми “Коррупционер кайдан чыгат?”,-деген суроого келсек, алардын көпчүлүгү кашайганда мамлекеттик кызматкерлер болуп чыгышып кызартып атышпайбы. Бул сөзүбүз менен Мамлекеттик кадр кызматынын короосуна таш ыргытып жатабыз. Ыргытпайт деле болчубуз, ошол эле Коопсуздук кеңешинин Мамлекеттик кадр кызматындагы коррупциялык тобокелчиликтерди караган жыйынында айтылган фактыларга таянып айтып жатабыз. Анда бул ведомствонун системасында 8 коррупциялык аймак (зона), дагы 13 коррупциялык схема бар экендиги айтылат. Кыргызстандын кадр саясатынын өзөгү болгон бул аттуу-баштуу мамлекеттик мекемеде жогоркудай тобокелчиликтердин уялап жүрүшүнүн өзү ойлондурат.

Кыскасы, Коопсуздук кеңеши тарабынан, муну жоюунун жолу катары мамлекеттик органдарда бир катар процесстерди, айрыкча кадрлардын документтеринин айлануусун автоматташтыруу, кадрлар боюнча буйруктарды электрондук негизде жүргүзүү, Мамлекеттик каттоо кызматынын системасы менен базалык маалыматтарды дал келтирүү, автоматтык “кара тизменин” калыптанышына жетишүү өңдүү сунуштар берилди. Бул канчалык деңгээлде ишке ашат көрө жатарбыз.