Кара ылаачынды колго бакканга болбойт

Кара ылаачын — алгыр куштардын түрүнө кирип, тез учкан канаттуулардын катарын толуктайт. Ал саатына 322 чакырымды басып өтөт. Башкача айтканда, секундасына 90 метр ылдамдыкка чейин уча алат. Кара ылаачын кызыл китепке кирген канаттуулардын бири.

Жакында Ысык-Көл облусунда браконерликке каршы рейд өтүп, Каракол шаарындагы аңчылык департаментинин кызматкерлери дал ушу кара ылаачын кушун колго багып жүргөн жаранды кармашты. Ал кушту достору белекке бергенин айтып, салбуурун фестивалына  катышууга даярданып жүргөнүн бил-дирген.  Андан  сырткары, жарандын үйүнөн түлкү жана кашкулактын чыргалары табылды. Аларды кушту таптоодо колдонуп келген.

Адистер жапайы канат-тууну үй шартында кармаган жаранга 250 миң сом айып салынышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

А. АКИМБАЕВА