Камчаткада аюуга «Баатыр эне» деген наам беришти

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Россиянын федералдык Түштүк-Камчат коругунда “төрт мамалакты аман-эсен тарбиялап чоңойткон” аюуга Баатыр эне деген наам беришти. Адистердин 20 жылдык байкоосунда мамалактарын жаратылыштын катаал шартында аман-эсен үч жашка чейин чоңойтуп, анан “өз алдынча оокат кылгыла” деп бөлүп жиберген бул үчүнчү көрүнүш экен.

Аталган коруктун мамлекеттик корукчусу Александр Никаноровдун айтымында жаратылышта ургаачы аюулардын бардык эле мамалактары мал болуп кетишпейт. Ар кандай кырсыктардан, көбүнчө мамалактарын өлтүрүп, атургай жеп алып, энесин аялдыкка ала салган эркек аюулардан көп жапа чегишет. Же болбосо этиятсыздыктан жоготуп алышат.

Ал эми Матрена деген бул аюу башкача амал тааптыр. Ал адамдар турган жерге жырткычтар, аюулар жолобой турганын билип, төрт мамалагын корукчулар жашаган кордонго жакын жерге алып келип жайгаштырып, ошол тегеректен балык уу-лап, төртөөнү тең аман-эсен чоңойтуптур. Ниети бузук аюулар катылса мамалактары менен түз эле кордонду көздөй качат экен.

Кызыгы, Камчатканын аюулары жыл сайын тууганы менен мурдагы мамалактарын 3 жашка чейин чогуу багат экен. Ал эми материкте болсо бир жаштан кийин кубалап жиберишет. Ошону менен бир короо мамалак баккан аюу Матрена быйылкы жылы үч жашка чейин “тарбиялап чоңойткон” төрт мамалагын “энчисин берип” бөлгөнү жатыптыр. Мунусун байкаган коруктун кызматкерлери ага Баатыр эне деген наам ыйгарганын жар салышты. Бүгүнкү күндө Камчаткада миңге жакын күрөң аюу жашайт. Бул Россиядагы эң чоң субпопуляция болуп эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *