Бишкекте аялдаманы айтып туруучу система иштей баштады

Бишкектеги коомдук транспортто 12-июлдан тарта автоматтык үн кабарлоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдамалар тууралуу билдирүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде айтылат. Система автоматтык режимде, бирок айдоочунун катышуусу менен иштейт. .

Учурда №42 маршруттун автобустары ушундай система менен жабдууланган. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен шаардагы бардык автобустар жана троллейбустар аталган функцияга ээ болушат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *