Коррупция менен күрөшүү максатында ачылган эсепке УКМК дагы 13 млн. сом которду

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке кезектеги акча каражаты которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 12-июлунда КР УКМК тарабынан өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомун арткарууга ылайык, КР Финансы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 109,2 млн. сомду түзгөн.