Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду

Бишкек шаардык кеңешинин сессияга катышып жаткан 40 депутат бир добуштан мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Бул депутаттардын ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушу боюнча жашыруун добуштун жыйынтыгынан кийин белгилүү болду.

 

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту айтып чыгышкан. Алар мунун көп суроону жараткан шаардагы азыркы абал менен байланыштуу экенин айтышты.

Бирок сессияга калаа башчысы 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүндө болгондуктан катышкан жок. Жыйындын башында вице-мэр Бакыт Дүйшенбиев мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирген.