“KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Имамидин ТАШОВ: «Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев келишимдин негизинде бизден белекке батир алган”

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстанда расмий түрдө 200дөн ашуун курулуш компаниялары катталган. Бирок, алардын арасында ар кандай жагдайларга туруштук берип, өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келе жаткандары 50гө жакын. Булардын ичинен “KG ГРУПП” курулуш компаниясы мыкты курулуш компаниялардын катарында экени талашсыз. Анткени бул компания башкалардан айырмаланып, заманбап үйлөрдү куруу менен бирге жардамга муктаж балдар үйүнө жана аяр үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, бекер батир тартуулап келет. Ошондой болсо да бул курулуш компаниясы тууралуу коомчулукта такталбаган, чындыкка дал келбеген пикирлер жаралган. Ал пикирлердин чын-төгүнүн тактоо иретинде, аталган компаниянын президенти Имамидин мырзаны кепке тарттык.

– Имамидин Асамидинович, “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын түзүлгөнүнө канча убакыт болду?

–  “KG  ГРУПП”  курулуш  компаниясы 2007-жылы  түзүлгөн.  2011-жылдан  тартып компания бизге өткөн. Быйыл компаниянын түзүлгөнүнө 11 жыл болуп отурат. 2011-жылдан тартып колубуздан келишинче элге ыңгайлуу, заман талабына шайкеш үйлөрдү курууга жамаатыбыз менен аракет кылып келе жатабыз.

– Бул компанияга Сыймык Бейшекеевдин кандайча тиешеси бар?

– Сыймык Бейшекеев менен 2000-жылдан бери таанышпыз. Ал биздин компаниянын реклама жагын алып барат. Аткарган ишине акы төлөнүп берилет. Ал рекламанын негизинде гана биз менен кызматташып келген. Юридикалык жактан компанияга тиешеси жок.

– Буга чейин сынактын негизинде көп балалуу үй бүлөгө батир белекке бере турганыңызды айткан элеңиз. Сиздин колуңуздан батир алчу үй-бүлө аныкталдыбы?

– 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата атайын ушундай кайрымдуулук акциясын жарыялаганбыз. Бул сынак боюнча ушул күндө 47 үй-бүлө документин тапшырды. 20-августта аныкталат. Буйруса Эгемендүүлүк күнүндө Кыргызстандагы эң көп балалуу үй-бүлөгө батирдин ачкычын беребиз.

–  Компанияңыз  ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткандан бери бул белекке бере турган биринчи батириңизби же буга чейин да кайрымдуулук иретинде бекер батир бергенсизби?

– Бул белекке берчү батирибиздин биринчиси эмес. Кыргызстандын демографиялык өсүшүн колдоону көздөп, көп балалуу үй бүлөлөрдү камкордукка алуу максатында кайрымдуулук иретинде төрт жылдан бери бекер батир берип келатабыз. Көп балалуу жаш үй-бүлөлөрдүн материалдык абалына ыктабай, ар бир төрөлгөн баланын ырыскысына жараша колдоо көрсөтүүдөбүз. Андыктан ком-паниябызды акыркы эки-үч жылдан бери эл кайрымдуулук компаниясы катарында да тааныды. Кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө муктаж болгон калктын аяр катмарына бир эле жыл жардам көрсөтпөстөн, аны салтка айландырып, жыл сайын материалдык колдоо көрсөтүп келатабыз. Коомчулукта кээ бир мекемелер же компаниялар муктаж болгондорго бир жолу жардам көрсөтүшүп, ар кыл себептерден улам кайрадан жардам көрсөтпөй калган жагдайлар да жок эмес. Биз жасаган кайрымдуулук иштердин көбү улуттук идеологияга багытталган. Кыргызстандын жети дубанына желегибизди желбиретсек деген демилгени баштаган элем. Азыр үч дубанда бул тилегибиз аткарылды. Эми калган облустарга туубузду илебиз деген ниеттемин.

– Жакында кыргыз-казак чек арасында желегибизди эле илбестен, кошумча көзөмөл-өткөрмө пунктун да куруп бердиңиз. Мындай демилгенин келип чыгышына эмне түрткү болду эле?

–  Статистикага  таяна  турган  болсок, кыргыз-казак  чек  арасындагы  “Акжол-автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктунан жарандар көп өтөт. Андыктан жарандар бул чек арадагы желегибиздин желбиреп турганын көрүп, мамлекетибизге сый-урмат менен мамиле жасаса деген ниет менен жасадык. Ал эми март-апрель айларында аталган көзөмөл-өткөрмө пунктунда машиналардын тыгыны пайда болгондуктан кошумча өткөрмө-пунктун куруп берели деген бүтүмгө келгенбиз. Учурда эки кошумча көзөмөл-пунктту куруп берүүгө жетиштик.

– Сиздин компания курган турак-жайларга Чыңгыз Айтматов, Алымбек  датка,  Исхак  Раззаков,  Бакай жана башка тарыхый инсандардын ысымы берилген. Бул эмнеге байланыштуу?

– Бул мекенчилдиктин жана улуттук идеологиянын бир белгиси. Бүткөн ишке сынчы көп дегендей кээ бир адамдар тарыхый ин-сандардын ысымын коммерциялык багытта колдонуп жатат деген да сын-пикирлерин айтышты. Бул инсандардын ысымдарын койбостон деле турак үйлөрдү сатканга үлгүрмөкпүз. Биз тарыхый инсандарды даңазалоо, келечек муундарга жеткирүү максатында койгонбуз. Экинчиден, кимге болбосун ысым ыйгарганда да Кудай ошол берилген ысымга жараша аны калыптандырат экен. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын эң мыкты улакчысы Манас деген ысымды алып жүрөт. Ага ошол берилген ысым да күч кубат берип тургандай. Ошол сыяктуу берилген аталыш же ысым да адамдардын кулк мүнөзүнө таасир этет. Биз ар бир объектибизге өзүбүздүн балабыздай эле карайбыз. Андыктан кыргыздын чыгаан инсандарынын ысымын бергенибиз аны менен тарыхыбызды унутпайлы, аларды кадырлайлы деген максатта болгон. Буга чейин мага “сиз качан башка тармакка кетесиз” деген суроо узатышкан. Мен ага биз курган үйлөргө бериле турган тарыхый жана чыгаан инсандарыбыздын ысымы калбай калганда гана башка тармакка кетем дегем. А бизде тарыхый инсандар да, чыгаан инсандар да өтө эле көп. Андыктан ар бир курулган объектке кыргыздын чыгаан уулда-рын даңазалап, алардын ысымдарын ыйгара беребиз.

–  “KG  ГРУПП”  компаниясынын атынан кардарларды алдап кеткен Элвира Газиева тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Элвира Газиева бизге курулуш материалдарын берген компаниянын директору. Ал бизге таандык болгон батирлерди өзү билем-дик менен сатуу үчүн кардарлардын акчасын алган. Ошол батир алам деген кардарлар акчасын биздин компанияга төлөбөстөн Элвира Газиевага беришкен. Бизде батирлерге коюлган баа башка компанияларга салыштырмалуу кардарлар үчүн алгылыктуу коюлса да, ал батирлерге биз койгон баадан төмөн бааны койгон. Учурда ошол акча берген кардарлардын даттануусунан улам ага кылмыш иши козголуп, абакта отурат. Элвира Газиевадан берген каражаттарын өндүрө албасын билгенден кийин ал кардарлар коомчулукту дүрбөлөңгө салып, биздин компанияга каршы ар кандай акцияларды уюштуруп жатышат. Бул маселе боюнча биз кызыкдар тараптардын суроолоруна ачык айкын жооп берүүгө даярбыз.

– Коомчулукта “Ихлас” жана “KG ГРУПП” курулуш компаниясына Икрамжан Илмияновдун тиешеси бар деген сөздөр айтылат. Аны менен байланышыңыз жокпу?

– Икрамжан Илмиянов менен моралдык дагы, материалдык дагы байланышым болгон эмес. 2013-жылдан бери биздин компанияга ар кимди жабыштыруу максатында эмне деген гана сөздөр айтылбады. Бир учурда Бакиев качып кеткенден кийин “анын арам акчаларын  адалдоо  максатында  түзүлгөн компания” деген сөздөр айтылган. Ал сөздөр унутулуп баштагандан кийин Ахматбек Келдибеков Эркечтамда жол торогондо “аны каржылады” деп чыгышты. Андан кийин “крим дүйнөсүндөгүлөрдүн акчаларын адалдоо максатында түзүлгөн компания” деген сөздөр чыкса, андан көп узабай “бул Текебаевдин, андан соң Бабановдун компаниясы” деген да сөздөр айтылды. Мамлекетибизде кай-сы бир адамга кылмыш иши козголуп, анын терс жактары билинип баштаганда, биздин компанияны эмнегедир аларга жабыштыруу, алар менен байланыштыруу аракетинде ар кандай жалган сөздөрдү чыгарышат. Эмнеге Икрамжан Илмиянов же Өмүрбек Бабанов кызматта турганда ушул компания аныкы экен деп айтышкан эмес. Качан гана мамлекеттик чиновниктердин терс жактары билинип баштаганда же кызматтан кеткенде эле аларга жабыштыруу акциясы жүрүп баштайт. Мындан кийин деле бул компания Сапар Исаковдуку же Алмазбек Атамбаевдики деген сөздөрдү айтышса деле таң калбайм. Жогоруда айтылган адамдар менен эч кандай кызматтык байланышым да болгон эмес, юридикалык жактан да бул компания-га алардын эч кандай тиешеси жок.

– Социалдык тармактарда “Кыргыз эл артисти Чоро Думанаевге батир берем деп бербей коюптур” деген маалыматтар чыкты. Бул маалыматтын чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак.

– 2016-жылы өлкөбүздө “Маданият жана тарых жылы” деп жарыяланган. Кыргызстанда аксакалдар кеңеши бар. Алардын сунушу менен өмүр бою жатаканада жашап келген Кыргыз эл артисти Чоро Думанаевге батир белекке беребиз деп сөз бергенбиз. Ооба, социалдык тармактарга кимдир бирөөлөр “Имамидин Ташов Чоро Думанаевге батир берем деп бербей коюптур” деп жазып чыгыптыр. Бул айтылгандарды тактап коёюн. 2016-жылы Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев менен келишим түзүлүп, батир берилген. Бирок, ошол учурда берилген батирдин ички жасалгасы жок экенин айтканбыз. Аны өзү жасап алыш керек болчу. Ал батирдин ички жасалгасын жасоодо бир аз кечиктирип алды. Дагы бир жолу айтайын Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев келишимдин негизинде бизден батир алган. Биз белек деп берген батирди кайра албайбыз. Ошол социалдык тармактарга жазып чыгышкандар, ал кишинин өзүнөн бир ооз сурап, анан жазышса болмок. Бир сапар ал киши өзү бизге келип, “акмактар минтип жазып жатышат” деп ачууланып, каалгасындагы ачкычы менен батиринин сүрөтүн тартып, муну интернет булактарына чыгаралы деген. Ал агабыз жалпыга маалымдоо жана социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган сөздөргө карата өзүнүн кайчы пикирин жазып жатты. Бирок, ал дагы коомчулукка жеткиликтүү болгон жок окшойт. Жазмакерлер божомолдобой маалыматын тактап, чындыкты жазышса, коомчулукту да дүрбөлөңгө салмак эмес…