Быйыл битир-садаганын баасы киши башына 30 сомдон башталат

Быйылкы битир-садаганын баасы киши башына 30 сомдон башталат. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 23-майда муфтияттын расмий сайтында жазылды.

Маалыматка караганда, быйыл Рамазан айында берилүүчү битир бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди. Мындан сырткары садага-битирди жан башына ушундай эле салмактагы (1 килограмм 600 грамм) ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма же анын акчалай наркы менен берсе болот.

«Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садага-битирди берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.