Франция футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция менен Хорватиянын курама командалары беттешти. Оюн 15-июлда «Лужники» стадионунда өтүп, Франция командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун 18-мүнөтүндө көтөрүлгөн топту Манджукич сүзүп өзүнүн дарбазасына киргизип алды. 28-мүнөтүндө хорватиялык В Перишич оюндун эсебин теңеген. 10 мүнөттөн кийин пенальти белгиленип, аны Франциянын чабуулчусу Гризманн кынтыксыз аткара алды.

2-таймдын 59-мүнөтүндө Поль Погба гол жаратканга жетишти. Ал эми оюндун 65-мүнөтүндө Килиан Мбаппе эсепти 4:1ге айлантты. 69-мүнөтүндө Манджукич Франциянын дарбазачысынын катасын колдонуп гол киргизди.