Трамп менен Путин Хельсинкиде жолугушат

Бүгүн Хельсинкиде АКШ менен Россиянын президенттери Дональд Трамп жана Владимир Путин жолугушат.

Саммитте эки өлкөнүн президенттери эмнелер тууралуу сүйлөшө турганы азырынча белгисиз. Буга чейин Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинанын чыгышындагы жана Крымдагы маселеси тууралуу сөз болору айтылган. Мындан сырткары өзөктүк куралсыздандыруу маселеси козголору белгиленген.