Тапкан акчасынан тарткан азабы көп мигранттар

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Бүткүл дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча кыргыз мигранттарынан Кыргызстанга түшкөн пайда салыштырмалуу бир жылдык ички дүң продукциянын 30 пайызын түзөт. 2017-жылга карата Кыргызстанга мигранттар тарабынан которулган акча каражаты 2 миллиард доллар болсо, бул көрсөткүч азыркы мезгилде 2 миллиард 485 миллионду түзөт. ТИМнин маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп, жашап жаткан мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Алардын ичинен 650 миңден ашуун жараныбыз Россияда иштеп, жашап жүргөн учуру.

Каттоону катаалданткан мыйзам, кайсалаган мигранттар Россияда эмгек мигранттарын каттоого алуу эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирип, алардын жашоосун абдан оңтойсуз кылып койчудай болуп турат. Аталган мыйзамга Россиянын президенти Владимир Путин 27-июнда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары өлкөгө иштегени барган мигранттар жашаган жеринде гана каттоого турушу керек болот. Мурда жумуш берүүчү мигранттарды ишкананын юридикалык дареги боюнча каттоого алып келсе, эми ага уруксат берилбейт.

Эксперттердин көбү жаңы талаптарды аткаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин жана мигранттардын көбүнүн каттоосу мыйзамсыз бойдон каларын божомолдошууда. Мындан тышкары Россия полициясы мигранттарды депортация кылуу менен коркутуп, алардан кошумча акча алуу мүмкүндүгүнө ээ боло тургандыгы белгиленүүдө.

Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты  өтүп  жаткандыктан  мыйзам күчүнө киргени азырынча сезиле элек экендигин айткан Москвада иштеп жүргөн Толкунбай Акматов: «Ошол мыйзам менен бирөөнү кармады деп уга элекмин. Анткен менен булл мыйзам мигранттар үчүн абдан оорчулук жаратышы мүмкүн. Азыр мигранттардын дээрлик токсон пайызы жашаган жерине катталган эмес, аларды эч ким каттабайт да. Себеби, батирдин ээси салык төлөшү керек, ал эми ашыкча чыгымды эч ким каалабайт. Ошондуктан бир аз сандагы гана батир ээлери үйүнө убактылуу каттап бергенге макулдук беришет”, – дейт.

Россияда төрт миллиондон ашуун мигрант бар. Анын ичинде Кыргызстандын эмгек мигранттары 650 миңден ашуун. Миграциялык  мыйзамдарды  бузуу  үчүн  административдик чарадан баштап өлкөдөн чыгарууга чейин жаза каралган. Дал ушул жагдайга токтолгон «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов: «Бул мыйзам биздин мигранттар үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Себеби, жашаган жеринен каттоого туруу аларга оорчулукту жаратат. Мунун натыйжасында мигранттарга депортация болуп калуу коркунучу жаралууда. Мындан тышкары аталган мыйзамда адам бейтапканада жатса ошол жерден, кайсы бир курулушта вагондо жашаса, ошол жерде катталышы керек болуп калган. Эмгек мигранттарды каттоо жөнүндө мыйзамдын катаалдашы 2016-жылдагы айдоочулук күбөлүктөрдүн катаалдантылышына окшош. Эсиңиздерде болсо, анда айдоочулук күбөлүк боюнча мыйзам кабыл алынган. Анда бул көйгөй мамлекет башчыларынын сүйлөшүү жолу менен жолго салынган болчу. Натыйжада кыргыз мигранттарына Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен коомдук жайларда унаа башкарууга мүмкүндүк берилген. Ошол сыяктуу эле бул жолу да тийиштүү тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз мигранттары үчүн жеңилдик алса болот. Буга бардык себептер бар. Биринчиден, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө жана анын алкагында мигранттарга карата жеңилдиктер бар. Бул багытта тийиштүү келишимдерге кол коюлган. Мына ушунун негизинде Кыргызстандын жарандары үчүн жеңилдиктерди карап, бул мыйзамды артка чакыртып алса болот. Бул ишти жөнгө салыш үчүн, тез аранын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү атайын топ түзүп, Россияга иш сапары менен барып, сүйлөшүүлөрдү өткөзүшү керек. Эгерде алардын колунан келбей калса, Мамлекет башчы өзү кийлигишүүсүнө туура келет”, – деп билдирди.

Курулбай калган “Ала-Тоо”

2016-жылдан тарта Туладагы Заокск районуна караштуу Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаган. Жер ээлеринин жарымынан көбү Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар.

Быйыл  29-июнда  Заокск  райондук кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык багытта калтырган. Ошондой эле жергиликтүү бийлик мынча аянтка 250дөн ашык бүлө жашоого болбой турганын, жашоочулар бир эле улут эмес, көп улуттуу болушу керек деген бир нече талаптарды койгон. Буларды аткарууга азыр да даяр экендигин айткан кыргыздар орус бийлигине өтүнүчтөрүн жеткире албай жатышат.

«Буга чейин баары мыйзамдуу, баары туура деп келип эле бир заматта ушундай чечим чыгып калды. Колубузда документтер, уруксат кагаздары бар. Кырк киши үйдү салып, он жетиси фундамент куюп, дагы бир канчасы ана-мына баштайбыз деп камынып жаткан», – дейт бул конушту уюштургандардын бири Гүлмира Казыбекова.

«Ала-Тоо» деген аталышты алган бул аймакта жердин бир сотыхы убагында 15-25 миң рублге сатылган. Эки жылдан бери кырк тай үйдүн дубалы тургузулуп, он чакты үй-бүлө отурукташып жашап жаткан. Айрымдары жерди бир жылдык мөөнөттө сатып алуу шарты менен алган. Ал эми орус жарандары жаңы төрөлгөн бала үчүн берилчү «энелик капиталды» негизги төлөм катары колдонушкан.

Аталган  жер  үлүштөрүн  «Сотый  километр» агенттиги саткан. Анын жетекчиси  Андрей  Буренок  «Азаттык»  радиосуна азыркы кезде жергиликтүү бийликтин күтүүсүз чечиминен улам агенттиктин да эртеңкиси бүдөмүк болуп турганын айтып, жер үлүшүн сатып алгандарга акчасын кайтарып бере турганын, бирок жерди толук сатып алып, «Росреестрден» документин алгандарга мыйзам боюнча жергиликтүү администрация кайтарып бериши керек экендигин билдирген.

Жер үлүшүнүн акысын бир жылга чейин төлөө шарты менен алгандардын арасында жерге, үйгө документтерди толук алууга жетишпей калгандар бар. Туладагы кыргыз айылынын айланасында чуу чыга баштаганда «Росреестр» федералдык кызматы турак жайларды каттоодон баш тарта баштаган.

Айрымдар бул маселе чарбалык маселе болгондуктан юридикалык жардам берүү керек экендигин билдиришүүдө. Туладагы Клищино айылында жер сатып алгандардын эки жүздөйү Кыргызстандын жараны. Алар Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылышкан. Элчилик бул маселе толук көзөмөлүндө экенин билдирүүдө.