Борбор Азия өлкөлөрү бир максатты көздөшүүдө

Борбор  Азия  өлкөлөрү арасында гана болучу Шенген визасы аналогу жакынкы келечекте пайда болушу мүмкүн. Мындай сунушту казак сенатору, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева билдирди. Анын айтымында, мындай Silk-виза Борбор Азия чөлкөмүнө алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга жол ачат. Эл өкүлүнүн айткандарын, адегенде Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары андан кийин өзбек, кыргыз,түркмөн жана тажик басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Маалымат порталындагы макалага айтылган, окурмандардын бардык баяндама жана ой-пикирлери оң болууда. Бул таң калыштуу деле эмес. Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүндө туристтик дарамети жыл сайын өсүп жатат. Анда туристтик гана эмес, сөзсүз түрдө, бул аймактардагы өлкөлөрдүн тыгыз кызматташуусуна тоскоол болгон принципиалдык, чечилбеген көйгөйлөр болбогондо мындай сунуштар айтылбайт эле. Бул кызматташуулар мамлекеттин экономикалык гана муктаждыктарынан улам чыккан жери жок.

Борбор Азия өлкөлөрү – бул, эң биринчиден окшош маданият, каада-салттар, менталитет жана тил болуп саналат. Ал эми бири-бири  менен  жалпы  түшүнүктүү, жеңил  тилде  сүйлөшө  алышат.

Ошондуктан туризм – эң башкы кызматташуу багыттарынын бири, бирок андан да башкы маселе бар. По-тенциалдарды бириктирүү Борбор Азия мамлекеттери үчүн пайдалуу гана болот. Эң биринчиден каржы муктаждык үчүн эмес, коопсуздукту камсыздоо зарыл. Айрыкча, азыркы  учурда  диний-экстремисттик уюмдар жайылып, өнүгүү маселеси көйгөй жаратып турат. Мындан тышкары, Ооганстандагы наркотрафик менен күрөшүү маселеси дагы абдан маанилүү. Борбор Азия -дагы эң жаралуу көйгөй да наркотрафик жолу, дээрлик бардык КМШ өлкөлөрү аркылуу өтөт: Ооган-өзбек чек арасы, ооган-түркмөн – Казак-стан же Азербайжан жана андан ары Орусияга чыгып кетет. Ал эми бул маселени да жалпы, бирдиктүү күч менен чечүү керек. Анткени, бир чынжырдай байланышкан маселеде бири эле ишти алсыратып жиберсе, анда автоматтык түрдө башкаларына зыян алып келет. Эң башкысы мак-саттын бирдиги, аракеттер аймактын коопсуздугу менен гана чектелбеши керек.

Борбор Азия өлкөлөрү – 70 млн. адамдан турган эң ири базар экендигин   эч  качан  унутпашыбыз зарыл. Мисалы, Бишкек жана Астана өз ара товар алмашууну бир миллиард долларга жогорулатуу-ну көздөп жатат. Ал эми Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2016-жылы 160 миллион долларды түзгөн. Жылдын аягына чейин эки өлкөнүн бийлиги бул көрсөткүчтү жарым миллион долларга чыгармакчы. Айрыкча Өзбекстан Борбор Азия менен кызматташууга чоң үмүт жаратууда. Ага бир эле мисал айта кетсек, Ташкент каракүл жана тери тармагын өнүктүрүү программасын кабыл алышкан. Анын негизги рыногу дале Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөргө багытталган. Ал эми мамлекеттер бара-бара чек араларды ачып, коңшу өлкөлөрдүн жаран-дарынын ишин жеңилдетүүдө.

Быйылкы жылдын март айын-да Казакстандын борбору Астана шаарында Борбордук Азия өлкө башчыларынын биринчи кеңешме – жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажик-стан, Түркмөнстан жана Өзбекстан президенттери катышты. Жолугушууда президенттер Борбор Азия – географиялык жана геосаясый гана эмес, бирдиктүү маданий –заманбап мейкиндик экендигин белгилешти.

Мындай кызматташуунун эң башкы бөлүгү ошондой эле өлкөлөрдүн транспорт жана байланыш саясатын келечекте кеңейтүү болуп саналат. Март айында Н.Назарбаев, Ш.Мирзиёев,  С.Жээнбеков, Э.Рахмон жана Түркмөнстан межлисинин төрайымы Акджа Нурбердыева  Өзбекстан,  Казакстан жана Түркмөнстан чек араларын кароо келишимин колго алышты.

Белгилей кетчү жагдай бул маселе Өзбекстан жана Кыргызстан ортосунда узак жылдар бою чечилбей келген.  Учурда  анын  85  пайызы чечилип отурат. Бул жолугушууда Шавкат Мирзиёев кесиптештерине өлкө башчыларынын жолугушууларынын тез-тезден өткөрүп турууну сунуштады. Бул демилгени мамлекет башчылары колдошту жана кийинки жолугушуу 2019-жылы Ташкент шаарында өтмөй болду.

Мамлекет башчылары транзиттик өнүгүүгө өзгөчө көңүл бурушууда.  Ошондуктан  өлкөлөрдө  жүк ташуу системасы жеңилдеп, таранспорт жана жол инфраструктурасы өнүкмөкчү. Мында Казакстан президенти кесиптештерин бул көйгөйдү биргеликте чечүүгө, саясатташпай биринчи  планга  өз  өлкөлөрүнүн муктаждыктарын коюуга чакырды.

Бир гана мындай шартта: ачык жана достукта, өлкөлөрдүн бирдиктүү күч-кубаты Борбордук Азияга эбе-гейсиз жыйынтык берет. Анткени, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикистандын күн тартибинде эң маанилүү маселе-лер турат. Айрыкча суу чечилбеген көйгөйү беш өлкөнүн экономикасына сокку уруп, тунгуюкка кептелиши мүмкүн. Бул маселени чечүү лидер-лердин саясый эрки жана каалоосунда калууда. Бирок, Борбордук Азия өлкө башчылары бир тилге келип, бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөгөн максатка жетүүнү көздөшүүдө.

Олжас ТУМЕНОВ