Түштүк Эңилчек: Аскердик тик учактын акыркы сапары…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Ми-8 МТВ”нин альпинисттерге азык-түлүк ташыганы канчалык мыйзамдуу?

9-июлда Ысык-Көл облусунун Хан-Теңири жана Жеңиш чокуларынын аймагындагы Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапта, бир нече альпинисттерди, азык-түлүк жана дары-дармектерди алып, Түштүк Эңилчектеги базалык лагерге учуп бараткан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учагы конуп жатканда капталдан соккон катуу шамалга туруштук бере албай, сол капталынан кулап түшкөн. Натыйжада, анын ичиндеги кишилердин алтоо ар кандай жаракаттарды алышкан. Жабыр тарткандардын үчөө аскер кызматчылары, үчөө туристтер. Тактап кетчү жагдай, жабыр тарткандардын саны тууралуу ар кандай маалыматтар айтылууда.

Бир маалыматта жабыр тарткандардын саны төртөө делсе, биринде алтоо экени айтылат. Жалпысынан бортто 15 киши болгон, бактыга жараша курмандыктар жок. Болгону борттехниктин абалы оор, дарыгерлердин тили менен айтканда абалы оор, бирок туруктуу. Ал жеке клиникалардын биринде дарыланып жатат, анын кабыргасы сынып, сыныктары өпкөнү чийип кеткен. Жабыр тарткандардын арасында Япониянын, Польшанын жарандары, экипаждын мүчөлөрү жана котормочу бар. Ысык-Көлдөгү тик учак кулаган жерге дагы бир тик учак жөнөтүлүп, жабырлангандар Бишкекке алынып келинип, бул окуя боюнча тергөө органдары өз ишин баштаганы белгилүү болду.

Азыркы учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан аскердик учактын эмне максатта ал жакка баргандыгы, буга ким уруксат бергени, аскердик тик учактын ал жакка учуп барышынын канчалык мыйзамдуулугу тууралуу так маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Башкы штабдын сайтына 5-июлдан бери бир да кабар илине элек (11.07.2018). Антсе да, маалымат агенттиктеринин маалыматтарына таянсак, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учагы тоодогу туристтик компанияларга азык-түлүк жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн барган. Өкмөттүн токтому боюнча мындай авиациялык иштерди аткарууга уруксат берилет.

***

Болор иш болду. Боесу канды. Эң башкысы, кырсыктан жабыркагандардын аман-эсенчилиги. Ошентсе да, аскердик тик учактын альпинисттерге азык-түлүк, дары-дармек ташыганы канчалык мыйзамдуу деген суроо күн тартибинде кала берет. Анткени, Түштүк Эңилчектеги альпинисттердин базасында өзгөчө кырдаал жаралган болсо, анда бул маселе КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына эмес, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү экени айтпаса да түшүнүктүү. Демек, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы каалайбы же жокпу, аскердик тик учактын альпинисттердин базалык лагерине азык-түлүк, дары-дармек алпарышына ким уруксат берген, тик учактын лагерге барышы канчалык мыйзамдуу, ал жакка эмне максатта барган деген суроолорго жооп бери-ши керек. Бул учак ал жакка коммерциялык максатта учканбы, же анын баары Куралдуу күчтөрдүн эсебинен кеткенби, эми талкаланган “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учагын ким ордуна коет, эгер туристтик агенттиктердин өтүнүчү менен учса, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен туристтик агенттиктин ортосунда келишимдер болгонбу, болсо, Башкы штабдын атынан кимдер кол койгон деген суроолор бар.

Дегенибиз, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө саналуу гана тик учактар бар. Демек, Куралдуу күчтөрүндө Абадан коргонуу аскердик бөлүгү бар, бирок ырымга бир да аскердик самолету жок Кыргызстан үчүн, тик учактардын ар бири алтынга тете экени айтпаса да түшүнүктүү чыгар. Жаңылбасак, аларды да Россия жардамга берсе керек эле. А  өзүбүздө  болгон  тик  учактар  ар  кайсы жылдарда ар кандай максаттарда пайдаланып: бири мергенчилик, бири дагы да альпинисттерди куткарууда, биринде туристтерди ташып, биринде Кумтөрдө, айтор авиа аварияларда жарактан чыккан. Экинчиден, окуянын финансылык жагы. “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учагынын жерден өйдө көтөрүлүп, Түштүк Эңилчекке учуп барып келгенине оңбогондой күйүүчү май кетет. Мунун баары аскердик ведомсто тарабынан каржыланганы мыйзам бузууга жатат. Андай болгондо, “Кыргызстан альпинисттер үчүн мамлекет эсебинен аскердик учагын пайдалангандай, ошончолук кубаттуу мамлекетпи?” деген суроо кала берет. Мунун өзү Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабындагы алешемдиктерден кабарлаган жокпу? Айтор, суроолор көп.

КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жободо: “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары — Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы) аскердик башкаруунун борбордук органы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн оперативдик башкаруунун башкы органы болуп эсептелет, бул орган аларды даярдоону жана колдонууну жетектейт.

Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы мамлекетти коргоону уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечет, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону, өнүктүрүүнү, мобилизациялык жайылтууну жана колдонууну тикелей жетектейт, аймактык коргонууну уюштурат, мамлекеттин аймагын коргоо кызыкчылыгында оперативдик жабдуунун планын иштеп чыгат жана атка-рылышын контролдойт.

Аскердик же өзгөчө абалды киргизгенде же кризистик кырдаалдар пайда болгондо Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын жана өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын оперативдик башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп эсептелет”, – деп жазылып турат.

Айтор, кандай болгондо да, ар бир министрлик болобу, Башкы штаб болобу, өзүнө тагылган милдетти аткарышы керек деген ойдобуз.