“Каармандар досторун чакырат”

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Мына бул “Каармандар досторун чакырат” аттуу түстүү, сүрөттүү, орус жана кыргыз тилиндеги кооз китептин жарык көрүшү келечек муундардын акыл азыгына салым кошуу менен бөбөктөрдү кубантат. “Менимче, бул долбоор акыркы эмес. Ушуну менен токтоп калбай, балдар китептерин чыгаруунун улам дагы ыңгай-жолдорун табабыз деп ойлойм”, — дейт китептин бетачары жана авторлору менен болгон жолугушууда КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов.

“Башка китептерден айырмачылыгы – орус тилиндеги чыгармалар кыргызча котормосу менен, кыргыз тилиндеги чыгармалар орусча котормосу менен басылды”, — дейт аталган союздун катчысы, жыйнактын чыгышына салымын кошкон авторлордун бири, балдар жазуучусу Жылдыз Акаева.

Ал эми китептин жарык көрүү  таржымалына  кайрылсак, 2016-2017-жылдары Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун балдар үчун чыгар-маларды жайылтуу долбоорунун алкагында “Каармандар өз досторун чакырат” аттуу балдар жазуучулары жана жаш сүрөтчүлөрдүн кароо-фестивалы өткөн. Иш-чарага отуздан ашуун балдар жазуучусу катышып, жыйынтыгында 25 жазуучунун чы-гармасы тандалып, ЮНЕСКОнун каржылоосу менен “Алтын Принт” басмасынан  13,2  басма  табак көлөмүндө ушул жыйнак жарык көрдү.

Учурда долбоордун шартына ылайык, балдардын сынакка катышкан сүрөттөрү менен шөкөттөлгөн бул китеп сатыкка чыкпай, китепканаларга, балдар мекемелерине бекер таратылууда.