Данияр МОЛДОКАДЫРОВ: “Тырышып окуган жаштар гана ийгиликтерди багындыра алат”

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Данияр жашоону өзгөрткүсү келген, алдына максат коюп аны ишке ашырып жаткан жаштардын алдыңкы сабында турат. Айрымдар кытай тили эмес, өз тилин жакшы өздөштүрө албай жатканда, кытайча түш жоруп калганына тан бердик. Алган билими менен бөлүшөйүн деп “Билим – экспорт” кытай тили мектебин ачып, жаштарды окутуп баштады.

– Кытай тили мектебин ачуунун башкы максаты эмнеде?

– Ата-бабабыз байыртан “жети элдин тилин бил, жети атаңдын кимин бил”-деген, азыр кытай тилине кызыккан жаштардын саны күндөн күнгө көбөйүп келе жатат. Өзүм Кытайда эки жыл магистратурада окуп, университетте үч жыл иштегем. Кыргызстанга келгенден кийин Кытайдагы үйрөнгөн нерселерим текке кетпесин деп, кытай тилин үйрөтүүчү мектеп ачууну максат кылгам. Анын үстүнө азыр бизде көптөгөн мектептерде, университеттерде кытай тили окутулуп келет.

Ал эми кытай тили оор тилдерин катарына киргендиктен аны үйрөнүүнү каалагандар ар дайым кошумча сабактарга муктаж болуп келишет, ошондуктан студенттер тилди кошумча окуп, өздөштүрсүн, сапаттуу билим алсын деген ойдо мектеп ачуу пландалган. Мектепти ачканыбызга аз убакыт болсо да ишибиздин башталышы жаман эмес, Биз жакындан бери Кыргыз Улуттук университетине караштуу Конфуций институтунун алдындагы кытай тили борборуна айландык. Бул да болсо чоң жетишкендиктердин бири. Биз студенттерди көп кабыл алуу максатында эмес, сапат жагына басым жасап, бизге келген студенттерге сапаттуу билим берүүгө аракет кылуудабыз.

Үмүтай АБДЫШЕВА: “Комузум экөөбүз дүйнө кыдырып саякаттасак деген кыялым бар”

– Көп тил билүүнүн сыры эмнеде?

– Негизи эле “Канча тил билсең ошончо жолу адамсың” – деп бизде гана эмес жалпы түрк тилдүү элдердин баарында айтылып келет. Тил – бул курал, ар бир чет тилди үйрөнүү-жашоонун дагы бир эшигинин ачкычын колго алуу менен барабар. Чет тилдерди үйрөнүү менен биз ошол улуттун тарыхын, каада-салтын, таанып билип, эки элдин ортосунда көпүрө болуп, мамлекеттер менен бирдикте иштешип, өз мекенибизге аз да болсо

салымыбызды кошконго мүмкүнчүлүк пайда болот. Ал эми ийгиликке жетүүнүн эң негизги сыры бул – алган билимди туура колдоно билүү жана ошо менен токтоп калбастан, ар дайым билимди өркүндөтүүгө аракет кылуу.

– Эмне үчүн кытай тилин тандап алдың, кантип үйрөндүң?

– Экономист болом дегем. Менин мындай оюма ата-энем макул болбой, “Сен андан көрө тил жагын танда” деп сунуш кылышты. Ата-энемдин айтуусу менен кытай тилин тандагам. Бир аз окугандан кийин эле кытай тили жагып, анын ичине сүңгүп кирип кеттим. 3-курста окуп жатканда кытай тилинен Кыргызстан боюнча биринчи орунду алып, университетти аяктап жатканда Кытайга магистратурага бекер окууга өттүм. Ошентип

Кытайдын Үрүмчү шаарында магистратураны бүтүргөн соң, университет жетекчилиги жумушка алышты. Үч жыл университеттин администрациясында эмгек кылып, мекенибизге кайтып келдим.

– Тил үйрөнүүгө эмне тоскоол болот, айрымдар үйрөнүү үчүн акчам жок дешет?

– “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” демекчи, тил үйрөнүүгө эң негизгиси жалкоолук тоскоол болот, себеби үйрөнөм деген адамга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар, ошолорду колдон чыгарбай тырышып окуган жаштар гана ийгиликтерди багындыра алат.

Жакында белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова менен биргеликте материалдык жактан аз камсыз болгон балдар үчүн “Эмне үчүн мен бекер окууга муктажмын” деген темада жазылган эссеге конкурс жарыялаган элек, конкурска 500дөн ашык балдар катышып, алардын арасынан 20 бала жеңүүчү деп табылган. Бүгүнкү күндө ал балдар биздин мектепте бекер окуп жатышат, келечекте алардын мыктыларын Кытай жергесине бекер окууга жөнөтөлү деген план бар. Негизи эле мамлекетибизде билимге суусаган, бирок каражаты жок балдарга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Андыктан келечекте дагы көптөгөн конкурстарды уюштуруп, таланттуу улан кыздарга бекер окууга шарт түзүп бергенге аракет кылмакчыбыз.

– Кытай тили кыргыз жаштары үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?

Президенттин учкучу Исмаилов: өлкө башчы ар дайым экипаждын ал-жайын сурайт

– Азыркы мезгилде техника, илимдин өнүгүшү менен улуттар аралык маданий, социалдык, тарыхый жана ар түрдүү жааттарда мамиле түзүү тез өсүүдө. Бүткүл дүйнө жүзүндө ушундай глобалдаштыруу процесси жүрүп жатканда, кыргыз эли да андан калбай, убакыт менен тең кадам шилтеп, биздин жаштар да коомго өз салымын кошууда десек болот. Эки башка маданиятты, эки башка элди алды менен жакындаштырган алардын тили саналат. Тил – эң алгачкы пикир алышуу каражаты болгондуктан эң чоң державалар Япония, Америка, Россия сыяктуу мамлекеттер сүйлөгөн япон, англис жана орус тилдерин үйрөнүп билүү зарыл. Ал эми кытай тилин үйрөнүү бул ХХI кылымдын өзгөчө талабы десек болот. Кыргыз жана кытай элдери байыркы замандан бери эле саясий-экономикалык жана башка мамилелерде болуп, кытай эли менен байыртадан эле кошуна жашап келген эмеспизби, ал эми бүгүнкү күндө кытай мамлекети дүйнөлүк аренага чыгып, планетабыздагы Америка, Россия, Япония сыяк туу чоң державалар менен тең тайлашып, алардын катарына кошулганы турат. Майда мамлекеттер чоң мамлекеттердин саясат жана экономикасына ыкташып жашоосу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Негизинен эле, башка бир элди таанууда алды менен ал элдин тилин билүү зарыл. Анткени тил аркылуу ошол элдин менталитети, тарыхы, маданийнравалык, социалдык-саясий өзгөчөлүктөрүн

билүүгө болот. Ал эми биз кытай эли менен эзелки кошуналык мамилелерибиз бар жана тарыхыбыз бирге болгондуктан, кытай тилин билүү эч убакта ашык болбойт.

– Кыргыз тилин жакшы үйрөнө албагандар көп эмеспи, кытай тили жеңилби?

– Биз замандан артта калышпай ар улуттун тилдерин үйрөнүү менен бирдикте кыргыз элин, кыргыз тилин да Россия жана Кытай мамлекеттери сыяктуу дүйнөлүк аренага алып чыгуубуз керек, ошол эле учурда өз элибиздин, тилибиздин уникалдуулугун таза бойдон сактап, бизден кийинки муунга өткөзүп берүү ар бирибиздин милдетибиз.

Бүгүнкү күндө кытай тилин окутуу боюнча китептердин жана методикалык эмгектердин көпчүлүгү орус, англис тилдеринде жазылган. Кыргыз тилинде кытай тилин изилдеген материалдар жокко эсе. Ошондуктан азыркы учурда чет тилдерди орус тили аркылуу эмес, өз эне тилибиз аркылуу үйрөтүүгө басым жасашыбыз керек. Ошондо гана башка тилди да үйрөнүп, өз эне тилибизди да өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүлөт. Кытай тили чындыгында эң оор тилдердин катарына кирет, эгер психология жактан алып карасак, ушундай оор кытай тилин окуган жаштар тил үйрөнүү менен бирдикте көптөгөн кыйынчылыктарды жеңе билүүнү үйрөнөт. Ал эми

тилди ийгиликтүү үйрөнүп кете алгандар келечекте чыйрак болот деп ойлойм.

One thought on “Данияр МОЛДОКАДЫРОВ: “Тырышып окуган жаштар гана ийгиликтерди багындыра алат”

Комментарии закрыты.