Кыргыз маданиятынын кырк жылын Дүйшөн Байтөбөтовсуз элестетүү мүмкүн эмес

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Дүйшөн Байтөбөтовсуз Ош драма театрынын соңку кырк жыл ичиндеги, ал эми Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын отуз жыл ичиндеги тарыхын элестетүү мүмкүн эмес. Ал 1972-жылы өзүнүн кесиптештери менен бирге Москвадан окуп келип эле Ош драма театрына актер болуп иштеп, өтө көп образ жараткан актерлордун бири. Болгондо да ал дароо көзгө толумдуу, башкы, олуттуу ролдорду ойноо бактысына ээ болгон”, — дейт театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов.

Ал  экинчи  пландагы  ролду ойноп жатса да, ошол образды  башкы  каармандан  дагы алдыга чыгарып койгон касиетке ээ болгон. “Анда бой-келбет да, көрүүчүнү өзүнө тартып турган жылдыз, өң-түс да, жандүйнөсүндө жаткан кандайдыр салмактуулук, олуттуулук аны өзгөчөлөнтүп турчу. Албетте, булардын баарына ширелишип, баарын бир бойго чогул-туп, жарашык берип турган – анда кайталангыс талант. Ошондуктан ал кандай тасмада, кандай спектаклде ойнобосун, дайыма бадырайып, көзгө биринчи урунчу жана элдин эсинен кетпей калчу. Биз “Муратбек Рыскуловдун доору” деп анын доорун атагандай эле, соңку 40 жыл аралыгындагы театр доорун “Дүйшөн Байтөбөтовдун доору” деп атоого акыбыз бар”, – дейт Ж.Кулмамбетов.

Ооба,  Дүйшөн  Байтөбөтов кыргыз элинин эсинде ар дайыма жап-жаш бойдон. Анткени, кино ышкыбоздору аны “Долондон канатын кайрып алган” Ильяс катары жакшы билишет. Кино тасмадагыанын күлгүн курагы, жараткан обра-зы азыр да көрүүчүнү өзүнө тартып, ошол элес, ошол турпат гана элдин эсинен чыккыс болуп сиңип калгандай, көргөн сайын романтикалуу да, өксүктүү да, сыйкырдуу да дүйнөгө жетелейт. Жаштыкка, махабатка мас курак, ойду омкорчудай, тоону томкорчудай делөөрүткөн күч-кубат, а бирок турмуштун оош-кыйышынан кайрылган канат, өксүктүү өмүр, мунун баары көрүүчүнү ойго салат, өкүндүрөт, ошол эле убакта суктандырат.

“Кыргыз калкы, негизи арманга жакын, – дейт Ж.Кулмамбетов. – Мисалы, Ильястын тасмада өз баласын карап туруп балам деп айта албаганы эле канчалык арман? Мына ушунусу менен да ал жараткан образ көрүүчүлөрдү өзүнө байлап, тунжуратат…

Деги эле Дүйшөн кандай ролду ойнобосун, же кандай ырды ырдабасын, анын өзүнүн түпкүлүгүндө кандайдыр бир арман сыбызгып, сызылып турганын байкоого болор эле. Бирок анын эмне деген арман, эмне деген касиет, сыр экенин эч ким билбейт. Балким, бала кезинен жетим өсүп, көкүрөк-көңүлүнүн түпкүрүндө бир мээримге чаңкоо, арман, боштук калган үчүндүр?”

Албетте, Дүйшөн Байтөбөтов бул фильмден кийин да бир топ тасмаларга  тартылган.  Бирок бул фильм анын чыгармачылык өмүрүнүн башатындагы эле эмес, анын өзөгүндөгү эң бир таасын жана кайталангыс зор ийгилик экени чын. Дегинкиси, бул тасма аркылуу ал элдин эсинде ар дайым жапжаш. Өзү да: “Чыңгыз атабыздын чыгармаларындагы каармандар мен үчүн түгөнгүс байлык, өзүнчө эле бир кенч, өзүнчө эле бир кол жеткис байлык катары ар дайым сези-лет. Өмүр бою ошондой. Чыкемдин кандай гана образдарын ойнобогун, алардын тереңдиги, кенендиги бөтөнчө. Издене берсең дагы бир демеси чыга берет. Ошон үчүн Чыкем дүйнөлүк классиктердин катарындагы улуу жазуучулардын бири.

Ошон үчүн мен ар дайым сыймыктанам. Мен артист катары Чыкемдин театрга коюлган юндарын-дагы бир топ образдарды ойноого туура келди. Бул менин бактыма, таалайыма жазган улуу жол болду. Мен театралдык институтта студент болуп жүргөн кезимде Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу повести боюнча тартылган “Мен Тянь-Шань” деген көркөм фильмдеги башкы каарман Ильястын ролунда ойгондум. Бул мен үчүн чоң бакыт, улуу жол болду.Ошол жол менен келип, театрга иштей баштадым”, – дейт басма сөз беттеринде калган маектеринин биринде.

Ал 1976-жылы бел-гилүү режиссер Адылбек Дыйканбаевдин коюусунда Оштогу Кыргыз драма театрында Айт-матовдун “Жаныбарым Гүлсары” аттуу повестинин негизинде сахналаштырылган спектакл-де коммунист Танабайдын ролун ойногон. Бул тууралуу: “Мен азыр аткарган ролумдун машинага ба-сылган сөзүн барактап көрсөм 47 бет экен. Ушунчалык сөздү кантип жаттаганыма азыр таң калам. Би-рок, ал мен үчүн эң бир түгөнгүс байлык. Мен оюндагы баш каарман Танабайдын образын бүтүндөй жан дүйнөмдү таштап коюп ойнодум. Танабай кайгырган жерде кайгырып, көз жаш төгүлө турган жерге көзүмө жаш алып аткардым. Айрыкча эл, адилет, чындык үчүн күрөшкөн коммунист Танабайдын карып, арып, кыйналып, бир буту көрдө, бир буту жерде турган кезинде партбилетинен, канаты болгон Гүлсарадан ажырап, райком партиянын имаратынан чыгып келаткан жери мен үчүн өзүнчө бир шумдук. Ал спектак -либиздин финалында эле. Ал эми Танабай райком партиядан чыгып келатканда Гүлсара кишинейт. Ал алиге чейин угулат”, – дейт ал.

Эске сала кетсек, КР эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов 1972-жылдан Ош кыргыз драма театрында, андан кийин республикалык жаштар жана балдар театрында, кийин улуттук драма театрында актерлук кесипте иштөө менен дүйнөлүк, орус, кыргыз драматургдарынын пьесаларындагы ондогон башкы каармандардын ролдорун аткарган. Алардын ичинен Чыңгыз Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсарысынан” Танабайдын, “Фудзиямадагы кадыр түндөн” Мамбеттин, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөттөн” Органдын жана башкалардын ролдорун ат-карып, көрүүчүлөрдүн алкоолоруна арзыган.

Ал 1949-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. 2018-жылдын 7-июлунда, 69 жаш курагында жарык дүйнөдөн өттү.