Жаштардын насаатчысы – Семетейчи Сейдене

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драм театрынын артисти, киноактриса Алмагүл АЛСЕЙИТОВА 1960-жылы Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун, Боз-Учук айылында төрөлгөн. 1 уул, 1 кыздын энеси. Аткарган ролдору: «Байтик баатыр» спектаклинде — Айымбача, «Маашырбек үйлөнөт» спектаклинде — Зыйнат Бекеевна, «Апендинин 5 катыны» спектаклинде — Фатиманын, “Семетейчи Сейдене” спектаклинде — Сейдененин, “Тактеке” спектаклинде” — Сур эчкинин ролу ж.б. Кинотасмаларда: “Курманжан датка”, “Талас-Бишкек жолунда”, “Күйөө сатам” ж.б. да ролдорду ойногон.

Талас театрында “Семетейчи Сейдененин” тагдырын чагылдырган керемет оюн болуп жатты. Башкы каарманды менин көздөй таанышым, бир кезде театралдык студияда чогуу окуган курсташым Алмагүл Алсейитова ойноп жатты. Театрдын керемет күчү ушунда белем, бир сааттан ашык убакыт ичинде бир адамдын бүтүндөй тагдырын, ошол кездеги турмушту, улуу эпостогу каармандарды, Манас ааламынын күч-кудуретин чагылдырган бул оюндун таасиринен чыга албай, арбалып калганыбызда оюн аяктап, зал дүңгүрөп, актерлорду алкаган үндөр жаңырып, гүлдесте көтөрүп сахнага чуркагандардын гүлдөрүн алып, алганга үлгүрбөй көшөгө жабылды. Ыраазы болгон көрөрмандар А.Алсейитованы кайра чакырып, сахнадан кетирбей дүркүрөтө

кол чаба беришти.

Оюн бүтсө да анын таасиринен бошоно албай, көпкө жүрдүм. Акыры бул тууралуу  жазып,  сезимдеги  болгон  ойду  кагаз бетине түшүрүүнү эп көрүп Алмагүлдүн өзүнө жолуктум. Кездешкенде ал-жай сурашып эле семетейчи Сейдене тууралуу кеп козгодум.

– Далай спектаклдерде далай ролдорду жараткан тажрыйбалуу актриса экениме ка-рабай Сейдене эненин образын жаратуу мага чынында абдан кыйын болду, дейт ал. –Алтымыш бет барактагы Сейдененин сөздөрүн жаттап, бассам-турсам оюмда ошол, чай ичип жатсам да, көчөдө баратсам да түйшөлүп, бирде муңканган, бирде буркан-шаркан түшкөн семетейчи аялдын эки дүйнөнүн ортосунда турган абалын, түйшүк тартып кыйналганын ийине жеткире аткарсам деп канча азап чегип мен да кыйналдым. Сейдене эне тууралуу изилдеп, изденип, мээнет менен семетейчинин образын жараттым. “Манас” айтканын аткаруу дагы оңой болгон жок. Санаам санга бөлүнүп, мен сахнада өзүм ыйлабай, семетейчи аялдын тагдырын көрүп жаткан көрөрмандарды ыйлата алсам, кыскасы алардын жүрөгүнө жеткире алсам деп дегдедим. Мээнетим кайтып спектакль ан-шлаг менен өтүп, сахнада улам кайталанып көрсөтүлүп жатат. Сейдене семетейчинин балдары-неберелери келип, ыраазычылыкбилдиришип,  “Сиз  кудум  апамдай  болуп көрүндүңүз” деп рахматын айтып кетишти.

– Бир кезде Каныкейдин ролун аткарып, көрөрмандарды суктандырды элең…

– Ооба, Каныкейдин монологун айтып жатканымда ар бир сабынан кийин эл кол чаап, мага дем берип сүрөп турушкан. Аны эстесем азыр да толкунданып кетем. Каныкейдин ролун аткаруу дагы оңой болгон эмес. “Манас” эпосу адамзаттын тарыхындагы руханий улуу, баалуу казына. Эпостогу баш каармандардын бири Каныкей. Сулуулук менен акылмандыкты, кайраттуулук менен боруукердикти, эрдик менен мээримдүүлүктү айкалыштырууга ошончолук күч, эмгек, талант, табыгый тазалык талап кылынат. Эң ириде ошол ролду жаратууга ички жан дүйнөңдү даярдашың керек. Ага коркпой кадам таштап, анан бышырып, эл алдына алып чыгуу далай машакат.

– Эми, “келиндин келгендегиси эсинен кетпейт” дегендей, адеп театрдын босогосун аттаганда кайсы спектаклде кандай роль аткарды элең? Ошол тууралуу эскерип өтөлү.

– Он жети жашымда куттуу сахнада биринчи жолу “Маашырбек үйлөнөт” аттуу спектаклде Алтынайдын, Зулайканын ролун аткаргам. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ушундай бир дем менен биринчи жолу сахнага чыккам. Канат кагып күүлөнгөн куштай бир дем менен сахнага чыгуу ошондон тартып мага адат болуп калды. Кандай гана роль жаратпайын, мейли эпизоддук кичинекей роль болсун ага да чоң роль аткарып жаткандай маани берем. Себеби, театр – ыйык, ага көңүлкош мамиле кылууга болбойт. Кандай гана спектакль болбосун чоң дем менен кирип ролумду аткарам. Негизи комедияга караганда трагедияны көбүрөөк ойнойм. Ырчыларды айтышат го. Тигиники мындай, мунуку мындай диапозон деп, анын сыңары бизде артисттерде деле ошондой, жан дүйнөң эмнеге көбүрөөк жакын болсо ошонун майын чыгара аткара аласың дегендей.

Алмагүлдүн сөзүн улай өз эскерүүмдү кыстара кетейин.

Эсимде 1978-жылы мектепти бүтүп ке-лип,  Фрунзедеги  академиялык  театрдын алдындагы эки жылдык студияда Алмагүл экөөбүз чогуу окуганбыз. Алмагүл аккуудай койкойгон, бойлуу, тал чыбыктай татынакай кыз эле. Ал кезде артисттерге болгон талап күчтүү. Көбүнчө узун бойлуу, суйкайган сулуу кыздарды кабыл алышчу. Сындан өтүп тан-далмалар гана окушаар эле. Мен “Боюм кыска” деп корунуп, окубай башка кесип тандап кеттим. Кыскалар да, толуктар да, өңү серттер да киного тартылган америкалык ыкма Кыргызстанга эгемендүүлүктөн кийин келди…

Артисттик туз насип буйруган Алмагүл курбум касиеттүү Талас жергесине келгенине он жылдан ашты. Сахнада бири бирине ок-шобогон түркүн тагдырларды чагылдырган не бир образдарды жаратты. “Маданияттын мыкты кызматкери”, Сабира Күмушалиева атындагы  сыйлыктын,  Даркүл  Күйүкова атындагы сыйлыктын. Өкүнүчтүүсү – отуз тогуз жылдык өмүрүн жалаң театрга арнаган актрисанын эмгеги бааланбай ушул кезге чейин мамлекеттик сыйлыктар берилбей келет. Антсе да сүйгөн кесибине дилин төшөп, талыкпай иштеп, театрда гана роль жаратпай, тасмаларга да тартылып, “Курманжан датка” тасмасында хандын байбичесинин, “Талас-Бишкек жолунда” башкы каармандын апасынын, “Күйөө сатам” комедиялык тасмасында эпизоддук ролдорду жаратып, топ арасынан дароо көзгө урунуп, таластыктар тамшанып “Биздин Алмагүл тура” дешет.

Алмагүл Ысык-Көлдүн Ак-Суусунан. Үй бүлөдөгү жети кыздын бири гана дарыгерлик кесипти аркалаган, калган алты эже сиңдилер кыргызга өнөрү менен таанылган бири ырчы, экөөсү актриса, рахматы болгур мыкты диктор, таңшыган талант Тамара Алсейитованын көзү өтүп кетти. Жети кызга тирек, жалгыз иниси учурда Ак-Суудагы ата конушунда. Алмагүл Алсейитованын өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк уул-кызы бар.

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын жамаатындагы эң улуусу Алмагүл азыр жаштарга насаатчы. Кароо-сынактарга эринбей каты-шып, таланттарга татыктуу баасын берген калыстар тобунун мүчөсү болуп келет. Сту-денттер, окуучулар менен иштешип, театрга ышкыбоз жаштарга керемет өнөрдүн сырла-рын үйрөтүүгө келгенде ичкен ашын жерге коюп, убактысын аябайт.

Батма БАЙЫМБЕТОВА, журналист