ЭСЕНГУЛ ЧОПИЕВ, Акын-сатирачы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: Адамдык улуулуктун оту качан жагылат?

Ойлончу

Жер көчкү менен кар көчкү,

желип-жорткон шар көчкү

түнөртүп көздү, кабакты

түйшүгү кыйла бар көчкү

жоругу үчүн жосунсуз

адамзатка же… өчпү?

 

Нөшөрлөп жамгыр, жел жүрүп,

кар бузулуп … сел жүрүп,

жолукканын агызып,

агымы арбын бүлүнүп,

кыйналат неге адамзат

үрөйү учуп …түңүлүп?

 

Силкинип кээде Жер-эне

жабыркайт эл эмнеге?

жанар тоо оргуп атылып,

жалынын бүркөт шердене.

Табияттын өзгөчө

жашыруун сыры бар беле?

Коррупция-жемкорлук,

террорчулук-кем кордук,

мыкаачылык кең кордук…

адамга ынак шордуулук

жерден жексен болсочу!..

Пастыгын адам койсочу!..

 

Тилек

Күндүн мээрим-нуруна

жан-жаныбар ийигет…

Жашагандын татыксыз

тагдыры ташка тилинет.

Ар кимдин ким экени

пейилинен билинет.

Жан дүйнөсү адамдын

жер-энеге биригет…

Аткарып максат-мүдөөсүн

Табият,Тагдыр, Кудурет

ар кимдин бардык күнөөсүн

Кечирсе экен миң ирет.

 

Өтүнүч

Сезимдеги чаңырык,

жүрөктөгү жаңырык

кайталанып…Адамзат

жашап келет жабыгып.

 

Издегени табылып,

Жасаса да жаңылык.

Жабыркап келет адамзат,

Тоскоолдукка кабылып.

 

Тоо койну толкуп жаңырып,

Эмне үчүн чыгат жаңырык?

Чаңырыктан-ачуудан,

Жаралган эмес жаңылык.

 

Ишибиз улам жаңырып,

Ийгиликтер табылып,

Жашасак боло, ар убак,

Ачкөздүк ташка чабылып.

 

Бут тосуу бугуп жабыгып,

Адепсиздик зарылып.

Жашасак кантет, адамдар,

Жемкорлуктан арылып.

 

Сезимден чыкпай чаңырык,

жүдөп жүрбөй камыгып.

жашасак боло, кыргыздар,

акыйкатка жалынып.

 

Тегибиз ким?

Билгендери чектелүү,

билбегенинин чеги жок,

түпкү дайнын тактоого

алигиче эби жок

Адамзаттын эмне үчүн

маймылдан башка теги жок?

 

Кейийсиң неге?

Жемкорлукту жоголбойт деп,

опкокту оңолбойт деп,

Пейили каранын

жосунсуз жоругун жектеп

кейийсиң неге?

Бул дооматыңды

жаңылык дебе.

Эмне…

Мончо негрди агартты беле?

 

Таңыркоо

Турмушта таңыркоого

туш болдум нечен.

Деги таңкалууну

табышмак деп сезем.

Компойгонун жактырып

Коон десем

ашкабак экен.

 

Бүгүнкүнүн чычканы

– Уктуңбу шумдуктуу кызыкты?

Бир чычкан союп жептир

жоон-жолпу мышыкты!

– Ошол да кызыкпы?

Азыркы оомал-төкмөл заманда

айырмасы аз эмеспи

күн менен түндүн…

Арийне, ал чычканы да

Бүгүнкү күндүн…

 

Майда адам

Албаса каны кайнаган,

алдаса тили сайраган,

эрдемсип…куурап кулкуну

элдик мүлктү жалмаган,

барга, жокко көз артып,

жан жыргаткан пайдадан,

бар беле мурда майда адам?

 

Улуп-жулма жагынан,

алдына киши салбаган,

шайлоонун шайтан ойнуна

шаңданып мооку канбаган,

Өзгөлөр түгүл ар качан

өзүн өзү алдаган

кайдан чыкты майда адам?

 

Жалганды айтса талбаган,

жалааны жыргап жандаган,

өзүмчүлдүк өнөргө,

өмүрүн бүт арнаган,

кемчилигин айтканды,

кейип-кепчип каргаган,

өлүмтүк ишти тандаган

жергеңде жокпу майда адам?

 

Маданият өгөйбү?

Адилдик эңсеп адепти,

абийири менен алекпи?

Куйткулук жерип максатты,

аксатты салтты адепки.

 

Жабыркап, чүнчүп ыймандуу

жемкорлук адат сыйланды.

Саясат жанын жыргатып,

калайык калк кыйналды.

 

Сый-сыпатты билбеген

адепсиздер көбөйдү.

Машырланып жашоого

маданият өгөйбү?

 

Түшүнүксүз болдукпу?

Чыйрактык аныктап өмүрдү,

назиктик сергитет сезимди.

Ак пейил көтөрүп көңүлдү,

жалаакор оодарат эсинди.

Жылдызы жарык кишинин

көз нуру сүйкүм чагылат.

Жагымдуу ысык мамиле

жүрөктү сыйлайт дарылап.

Оройлуктан, түнттүктөн

түркөйлөр качан арылат?

Кайдыгер, сук, жадатма

адеби жок адатка

жол бошотуп койдукпу?

Түшүнүксүз болдукпу?

Жоюлабы ыймансыздык,

жосунсуз жорук тажатма?

Сый-сыпатты наздаган

айкөл салтыбыз каякта?

 

Көлчүк деңиз боло албайт

Көлчүк деңиз боло албайт,

борчук тегиз боло албайт.

Төгүлгөн кайра толо албайт,

наадан көсөм боло албайт.

Чулдур чечен боло албайт.

Кадеми каткан зыкымдар

калкка жардам бере албайт.

Алдамчы, соргок жексурлар

бирин бири неге алдайт?

Ынтымаксыз адамдар

бир пикирге келе албайт.

Ачкөз жүдөп арыктайт,

жанбакты өзүн жарытпайт.

Кереметтүү көз ирмем

бүт өмүрдү аныктайт.

 

Жыйнай бер сөздүн алтынын

(Чыгаан журналист, дымактуу акын Болотбек Таштаналиевге)

Кеп баштасаң салмактуу

Кең пейил «Кароол чокудан»

желкесин кашып…. жабыркап,

жеп-ичкичтер чочуган

сөз чебери Болотбек,

тилин таап жалпынын

каймагын ойдун калпыдың.

Алкышын алып калкыңын,

сезимдерди сергитип,

көңүлдү көккө эргитип,

жыйнай бер сөздүн алтынын.

 

Балапан

Кыйналып жаны

аракеттенип баятан

жумуртканы жаңы

чегип чыккан балапан:

– Бул эмне сасык?–

деп жийиркенип,

тетири кетти басып.

Кай муратка жетээр экен

түпкүлүгүнөн качып?..

 

Мыжыла берсе

Күндүзгү мыйзамды

түнкү мыйзам жактырабы?

Милдетин карайлатып,

караңгыга тапшырабы?

Түркөйлүк түгөнбөй

мыйзам мыжыла берсе

жашообуз жакшырабы?

 

Айласы табылса

Айкырыктын тийсе пайдасы

эшек болмок аргымак.

Табылса эгер айласы

балтек улуп жалдырап,

далайды эстен тандырмак.

«Жолборс болот элем» – деп,

кандек дагы дарбымак.

 

Жүрөк менен издеп

Сулуулукту көрө билип,

улуулукту таануу керек.

Жүрөк менен сергек издеп,

сезим менен табуу керек.

Учур менен шайкеш болуп,

жалын сымал жануу керек,

жашоодон мөрөй алуу керек.

 

Улуулуктун оту качан жагылат?

Арсыздыктын күчөп желеги,

коомубуздун арбып кесели…

Көбөйдү эмне себептен

кемчилик издеп, айып табуу

жада калса мырза теректен?

Күчөп барат жалаа жабуу

ак жашаган адамга!

Кылдан кыйкым табуу,

чыр чыгарып… айкай салуу

жолугат ар бир кадамда.

Жада калса айып тагуу

айтылган жылуу саламга

көнүмүшкө айланды.

– «Ошол кездин адамдары

макоо болуп калганбы?» –

деп сураса кейип-кепчип

келечектин балдары

кандай жооп табылат?

Акыл калчап ойлонгулачы

адамдык улуулуктун

оту качан жагылат?

 

Муздактын жөнү кандай?

Шамал суукка тоңобу?

Муз аязга жөлөк болобу?

Дили сууган оңобу?

Суук тумшук тоебу?

Ачык ооздун курсагы

муздак сөзгө толобу?

 

Атасы ким?

(Учурдагы уламыш)

Төрөлгөн бала…

үч жашка

келгенче тили чыкпаптыр.

«Дудук болуп калабы?»– деп,

атасы менен апасы

ичине толуп капасы,

арга издеп, калбай жан-алы,

мусапыр болгон баланы

көрсөтүшсө догдурга:

– «Бир-эки жылда сүйлөйт», – деп,

айткан экен күмөн кеп.

Чоң атасы, чоң апасы

ашып-ташып капасы,

жардам сурап, табыпка

жалооруп жетип барышса,

дарыгер көсөм абышка:

– «Неберең сүйлөйт бат эле.

Бирок, бар кыйын маселе,

айтайынчы түз эле,

алгач сөз айтат үч эле.

Ал атаган адамдар

жашоосу болбой шайыр-шат

дүйнөдөн ылдам кайтышат!» –

деп сыр катып жылмаят.

Күндөр жылга тараган

үч апта өтүп арадан

сүйлөбөгөн наристе:

«Чоң ата» деп айтыптыр.

Ошол күнү жыгылып,

дүйнөдөн кары кайтыптыр.

Себеп болот ар иште,

дагы бир күнү наристе:

«чоң апа» деп айтыптыр.

Оорубай жүргөн байбиче

дүйнөдөн ылдам кайтыптыр.

«Баладан сырдуу тил чыкты,

Жолотпо, Кудай, кырсыкты», –

деп бушайман болушту.

Жардам сурап теңирден

жаңыртышты конушту.

Кусуру арбын баланын

атасы менен апасы

(түшүнсө болот абалын)

мурда барган табыпка

дагы алып барышса,

дарыгер көсөм абышка:

-«Акыйкатка барабар

бир сөз айтат балаңар.

Андан соң багы ачылып,

тишине тилин кайраган,

чечен болот сайраган»,-деп сыр катып жылмаят.

Жаңылбай күндү санаган

үч апта өтүп арадан.

баланын балдуу оозунан :

“папа” деген сөз чыгат.

Бул сөздү угуп чочуган,

атасы талып жыгылат.

“Тирүү калсам экен”, – деп

Кудайга улам сыйынат.

Тагдырга таң каламын:

ажалды күтүү жүдөтүп,

дагы далай күн өтүп,

таанымал болгон баланын

ооруп жаткан атасы

аман калып…негедир

кошунасы көз жумду.

Жерибеген ый-муңду

турмуштун барбы катасы?

Боло берет чаташуу…

Баланын ким атасы?