17-июлга карата аба ырайы

17-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Баткен облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабай. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 32…34
градус болот.