Айсулуу Тыныбекова Мадрид шаарындагы мелдеште алтын тагынды

Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдештен дагы бир алтын медаль тагынды. Grand Prix of Spain 2018 турнири 14-15-июль күндөрү Испаниянын Мадрид шаарында өткөн.

Айсулуу бул мелдеште 59 кг чейинкилер арасында күч сынашып, 1/8 финалдык бөлүктө америкалык Алия Рагандын үстүнөн жеңишке жетишкен. Ал эми чейрек финалда Россиянын өкүлү Кристина Елоева менен беттешип, жеңишке жетти.

Финалга жолдомо берген беттеште жана финалда Айсулуу Тыныбекова казакстандык кыздарга каршы турду. Тактап айтканда, алгач Алтынай Сатылганды жеңип, финалда Мадина Бакбергенованы жеңилүүгө дуушар кылган. Муну менен Айсулуу өзүнүн салмак даражасында бул мелдеште 1-орунга жазылды.

Буга чейин ал Кытайдагы ачык чемпионатта коло байгеге ээ болгон эле.