Оруп-жыйноо маалында өрт коопсуздугун эсиңден чыгарба!

Дыйкандын маңдай тери, түмөн түйшүгү текке кетпеши үчүн эгин талааларындагы өрт коопсуздугун сактоо эң башкы маселе болушу керек. Өрт коопсуздугунун эрежелерин эч кынтыксыз аткаруу менен Сиз чоң кырсыктан сактана аласыз. Өрт – тилсиз жоо деп бекер айтылган эмес, ал жайкалган эгин талааларын бир заматта кара көөгө айлантып коюшу мүмкүн. Ошондуктан, урматтуу жер иштеткен мекендештер, дыйкандар өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин эсиңизге бекем түйүп алыңыз!

– Талаа шартында автоунааларды, атайын техникаларды күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоо иштери кургак чөптөрдөн, таштандылардан тазаланган атайын аянтчада ишке ашуусу керек. Ал аянтча эгин талаасынан, чөмөлө, түк ж.б. таңгакталган тоюттардан 100 метр, үйлөрдөн 50 метр алыс аралыкта туурасы 4 метр болуп казылган атайын тилке менен бөлүнүп турушу шарт.

– Эгин жыйноо ишине жооптуу болгон адам же жетекчи бул ишке тартылган адамдарга атайын өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өтүү менен бардык техникаларды (комбайындын бардык түрлөрү, авто унаалар) экиден өрт өчүргүч балон,  экиден  тик  учтуу  күрөк сыяктуу өрт өчүрүүчү жана учкун басуучу каражаттар менен камсыз-дап берүүгө милдеттүү.

–  Тоют  жана  дан  эгиндерин шоссе жана темир жолдоруна жакын эгүүгө тыюу салынат. Үймөктөлгөн чөптөр шоссе жана темир жолдо-рунан жок дегенде 30 метр алыс үйүлүшү керек. Ошондой эле токой, чым-көңдүү жерлер, шоссе, темир жолдоруна жакын дан, эгин талаалары туурасы 4 метр болуп казылган атайын тилке менен бөлүнүп турушу керек.

– Оруп-жыйноо иштерин баштардын алдында эгин талааларын 50 гектардан участок кылып бөлүп алыш керек. Туурасы 8 метрден кем эмес кылып участоктордун ортосундагы эгинди, чөптөрдү чаап алуу керек. Чабылган чөптү же эгинди ошол замат тазалап, так ортосунан туурасы 4 метр кылып казып чыгуу шарт.

–  Дыйкандар  түнөк  кылган  убактылуу  турак  жайларды эгин  талаасынан,  түктөрдөн  100 метр алыс жайгаштыруу шартка ылайык. Турак кылган аянт дагы туурасы 4 метрден кем чабылган, тазаланган тилке менен курчалышы керек. 25 гектардан көп эгин талааларында сокосу бар трактор турушу керек. Өрт чыгып кеткен маалда күйө элек аянтты дал ошол соко аркылуу коргоп калса болот. Талааларда эгин-тегиндин калдыктарын, чабынды, сөңгөктөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат.

Оруп-жыйноо маалында:

– Капоту ачык же жакшы жабылбаган  трактор,  автомобильсыяктуу техникаларды колдонууга болбойт.

– Трактор, автомобиль сыяктуу техникалардын радиаторлорундагы чаңды күйгүзүү үчүн ысытуучу лампаларды (паяльник) колдонууга болбойт.

– Талаа шартында өрт өчүрүүчү каржаттар  менен  камсыздалган атайын аянтчадан тышкаркы жерлерде авто унааларга май куюуга болбойт.

– Оруп-жыйноочу унааларда, түк, чөмөлө, үйүлгөн чөптүн жанында, дегеле эгин талаасында темеки чегүүгө тыюу салынат.

– Иш күнү аяктаган соң трактор, комбайндарды талаага таштаганга болбойт.

– Эгин талаасында техникаларга түнкүсүн май куюуга болбойт.

– Ысытуучу лампаларды, ачык отту колдонууга болбойт.

– Кичинекей балдар эгин талаасында, үйүлгөн чөптүн жанында ойноого болбойт.

Уланбек РЫСАЛИЕВ, Сокулук райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана өрттөн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы, подполковник