10 жашар кызды зордуктаган адам изделүүдө

Сокулукта он жаштагы кызды зордуктаган адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Шектүүнүн фотороботу таратылып, милиция шектүү тууралуу маалымат билгендерди жардамдашууга чакырды.

Эскерте кетсек,  Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 10-июлда, Сокулуктун базарында 10 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу маалымдаган. Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Күч колдонуп зордуктоого аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы белгиленген.