Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгыла береби?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Юристтерде “мыйзамдын күчү жок жерде, күчтүн мыйзамы иштейт” деген учкул сөз бар. Анын сыңарындай, биздегидей укук коргоо жана сот органдарында коррупция, тааныштык өкүм сүргөн учурда канчалык мыйзамдарыбыз жакшы жазылганы менен мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө жетишүү оңой эмес. Муну “Балыкчы” ачык акционердик коомуна байланыштуу талаш дагы бир жолу далилдеп турат. Укуктары бузулган акционерлердин  бардык  жогорку бийлик органдарына, укук коргоо жана сот органдарына кайрылууларына, бул боюнча фактылар көрсөтүлүү менен документтердин негизинде жазылган бир нече макалаларга карабастан, иш аягына чыга элек. Аны менен байланышкан акыркы соттук процесс көрсөткөндөй, бул талаш боюнча адилет жыйынтык чыгарылышы да күмөн болуп турат…

Президент туура демилге көтөрдү, ал ишке ашабы?

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш боюнча айтып  жатканда,  кылмыш ишинде эскирүү деген болбой, уурдагандар сөзсүз жазаланууга тийиштигин баса көрсөттү. Бул пикири менен ал учурда укук коргоо жана сот органдарында кездешип жаткан абалга таасын баа бергендей болду. Анткени, көптөгөн коррупционерлерди укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери мына ушул жобого таянып алып корголоп жатышат.

Мисал керекпи? Анда Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун ага жардамчысы Б.Доктурбековдун 24.05.2010-ж. кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомун алалы. Анда Чүй балык чарбасынын базасында акционердик коом болуп кайра уюштурулган “Балыкчы” АКсынын эмгек жамаатына тиешелүү акциялары директор Д.Догочиев тарабынан мыйзамсыз ыйгарылып алгандыгы жөнүндө айтылып келип, “Мына ошентип “Балыкчы” АКсынын акционерлеринин колдору жасалмаланган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 28-бер. 1-бөлүм.

11-п. ылайык эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши козголо албайт, а козголгон кылмыш иши токтотулуууга жатат” деп Д.Догочиевге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Анысы го мейли дейли. Бирок, Д.Догочиев жана анын жактоочулары ошентип мыйзамсыз алган акциялар чарбанын мурдагы иштөөчүлөрүнө сот аркылуу мыйзамдуу кайтарылып берилгенден кийин да, ар кайсы шылтоолор, анын ичинде күч колдонуу менен ишкананын ээлерине бербей, аларды иштетпей келе жатпайбы!..

Ал эми мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздай турган органдар, тилекке каршы, Д.Догочиевдин жана анын адамдарынын “күчтүн мыйзамын” колдонушуна жол берип жатышканы өкүнүчтүү…

Экс болсо да эки полковник тапсаң, оңой кутуласыңбы?

Д.Догочиевдин креатурасы Курманбек Рыспаев “Балыкчы” ААКсынын директорлор кеңешинин чечими менен директорлук кызматтан бошотулса да, өзүм билемдик кылып, ишкананын мөөрүн жана  бухгалтердик  документтерин  бербей,  анысы аз келгенсип, соттун чечимдерин да аткарбай, азырга чейин өзүм билемдик кылып келет. Чүй-Бишкек шаардык юстиция  башкармалыгы 12.01.2013-ж. эле облустук статистика  комитетине, Аламүдүн  району  боюнча мамлекеттик салык кызматына, райондук социалдык фонд башкармалыгына, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жиберген билдирмесинде “Балыкчы” ААКсынын жетекчилиги алмашылып, жаңы жетекчиси Мамытбек Өмүрзаков экени көрсөтүлгөн. Андай болгондо, ал кызматтар эмне үчүн К.Рыспаевдин мыйзамсыз иш кагаздарын кабыл алып келишкен? Бул да укук коргоо органдары териштире турган чоң суроо.

Тиешелүү органдардын жетекчилеринин мына ушундай көз жумду мамилесинен улам К.Рыспаев кызмат абалынан ашкере пайдаланган, акционерлердин укуктарын бузуп, акционер Дүйшөн Асаналиевге тиешелүү мүлктөрдү ээлеп алуу менен менчик ээлерине материалдык зыян келтирген. Аламүдүн РИИБсынын тергөөчүсү И.Акматов кылмыш ишин козгоп, эшиктерди желимдеп мөөр басып койгонуна карабастан, айдоочулар Тынчтыкбек Жапаров жана Эрбол Мамырбаев менен бирге ишканага тиешелүү автомашиналарды айдап кетишкен жана көлмөлөрдү ээлерине бербей коюшкан.

К.Рыспаевдин кылмыш иши козголгондон кийин да мындай мыйзамга баш ийбегендик көрсөтүүсүнөн улам, ага карата тергөө изоляторунда кармоо баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тилекке каршы, ал тергөө изоляторунда көпкө отурган жок. Анын мына ушундай жоруктарына карабастан, Сокулук райондук сотунун судьясы С.Кузьменко 26.12.2016-ж. токтому менен анын баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышпаган түрүнө өзгөртүү чечимин чыгарган. Буга Пригородный айыл аймагынын башчысы  С.Мамбетакуновдун  жана  аксакалдар сотунун жана ИИМдин пенсионерлери Э.Базарбаев менен Ж.Бейшеевдин кепилдиктери жүйөө болуптур. “Андан тышкары, берилген документтерден кепилчилик бергендер Элисбек Базарбаев жана Жалил Бейшеев КРнын ИИМинин полковник  наамындагы пенсионерлери  болуп саналышат”деп жазылат токтомдо.

Албетте, С.Кузьменконун салтты сактап аксакалдарды жана полковниктерди сыйлаганы жакшы, бирок судья катарында алардын статусуна жана наамына эмес, соттолуучунун буга чейинки тергөө убагындагы жүрүм-турумуна, аракеттерине карап чечим чыгарганы мыйзамдуу болмок.

Болбосо, ал бул чечими менен камалган коррупционер айылдаш дежур аксакалдарды же отставкадагы полковниктерди (атүгүл, генералдарды да, анткени азыр кыргызда генералдар да көп эмеспи) таап  келсе  эле,  соттор  тарабынан  тайралаңдатып эркиндикке чыгарып жибере берген прецедент түзүүгө жол ачып жатат.

С.Кузьменконун дагы бир “жоругун” айтпай кеткенге болбойт. Соттук отурум 27-декабрда болсо, ал токтомун 26-декабрь күнү чыгарып салган. Анын мынчалык “шашылуусунун” себеби эмнеде болду экен? Бул боюнча жабыркаган тарап Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына 2017-жылдын январында арыз менен кайрылышса да, судьялар коллегасына жан тартып жатышабы, айтор азыркыга чейин арыз каралбай жатат.

Баса, Президентибиз Сооронбай Жээнбеков мына ушуну көрүп тургандай болуп, 27-июнда парламентте жасаган кайрылуусунда:“Баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча, антикоррупциялык күрөш ийгиликке жетпейт! Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясый топтун “ушул адамды бошотуп койсоңуз” деген суранычтары түшүп жатат”, – деп баса белгилептир.

Дагы бир судьянын “гумандуулугу”

Мына ошентип С.Кузьменконун “гумандуулугу” менен боштондукка чыгып алган К.Рыспаев жана анын жактоочулары жана аларга “көмөктөшкөндөр” армиялык “жоокер уктайт, кызмат өтө берет”

принцибин колдонуу менен сот процессин каалаганча создуктуруп келди окшойт. Чынында эле ал камакта эмес, а жаза мөөнөтү четинен “өтөлүп” жатпайбы! Андай болбогондо, эмне үчүн 2014-жылы эле сотко келип түшкөн кылмыш иши боюнча өкүм 14.05.2018-ж. төрт жылдан кийин (!) гана чыгарылды?

Ал  өкүмдү  чыгарган  Сокулук  райондук  сотунун  судьясы С.Султаналиева “гумандуулугун” көрсөтүп,  К.Рыспаевге  карата  айыптоо  тарабынан  коюлган КЖКнын 221-бер. 2-бөл., 221-бер.

1-п. 4-бөл., 172-2-бер. 1-бөл., 172-2-бер. 2-бөл. 1-п; 172-2-бер. 2-бөл. 1-п. боюнча ал күнөөлүү эмес деп таап актап салды.

Анан КЖКнын 318-бер. 1-бөл., 353-бер. 2-бөл., 338-бер. боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын жатак колонияда өтөө өкүмүн чыгарды. Тактап айтканда, мүмкүн болушунча “гумандуулук” кылды. Эми тергөө изоляторунда кармалган жана судья С.Кузьменконун “гумандуулугунан” улам эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы алдында жүргөн мезгилди алып салып эсептегенде, К.Рыспаевдин жазасы жасаган кылмышына салыштырмалуу таптакыр жеңил болуп, атүгүл эркиндикке чыгып кеткени жатпайбы!!!

Ал  эми  Т.Жапаров  менен Э.Мамыр баевдин  жазалары  андан  да  жеңил  экени  айтпаса  да түшүнүктүү…

Учурда иш Чүй облустук сотунда  каралууда  турат. К.Рыспаевдин  “чоң  муштумдугунан”  тажаган  “Балыкчы” ААКсынын акционерлери  облустук  соттун судьялары да “гумандуулук” көрсөтүп, К.Рыспаевдин жазасын жеңилдетип жиберишпесин деп чоочулап турушат.

Ага да негиз бар, анткени, мына ушунча жылдан бери чарбадан алынган кирешелер Д.Догочиев менен К.Рыспаевдин чөнтөктөрүнө түшүп жатпайбы. А чоң акчалар соттук чечимдерге кандай “таасир этип кетерин” биздин турмуштук тажрыйба көрсөтүп турат. Башкасын койгондо да, Д.Догочиевдин өзүнө карата мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирүү фактысы боюнча козголгон иш 2014-ж. май айынан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсү Т.Курманалиев тарабынан соз-дуктурулуп келет.

Кайрадан Мамлекет башчынын сөзү

Мына ушул жерден Президентибиздин кайрылуусунан дагы бир цитата келтирүү эп болуп турат: “Жакынкы жылдары Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылчу негизги максаттар катары  төмөнкүлөрдү  ишке  ашыруу зарыл. Биринчиден, ар бир адамдын укугун  сактаган  мамлекетти,  ар  ким өз укугу сакталышына терең ишенген коомду курууга тийишпиз. Адам укугун  бузам  дегендерге  аоесуз  күрөш жүргүзгөн  адилеттүү  бийликти  түзүү зарыл. Ал үчүн чечкиндүү реформаларга  барышыбыз  керек.  Алардын эң  маанилүүсү  –  сот   реформасы. Бул  өлкөбүздүн  келечегин  жана  жарандардын жашоосун өзгөртө турган реформа. Адилет коомду түптөй турган реформа”.

Мамлекет башчынын бул айткандары биз сөз кылган окуяга дал келип турат. Качан биздин укук коргоо жана сот органдары, Президент айткандай, жөнөкөй акционерлердин укуктарын бузуп келишкен бир ууч адамга жана аларды калкалаган жогорку бийлик бутактарындагы адамдарга карабастан (андайлардын кийлигишүүсүз бул окуя мынча жыл создуктурулбайт эле деп ойлойм), адилет жана мыйзамдуу чечимдерди кабыл алат жана жөнөкөй адамдардын укуктарын коргоп беришет?