Айланайын! Сертификат алып, анан жолго чык!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Азыркы учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн айрым айыл-чарба продукцияларынын документтери жайында болбогондуктан Россиянын чек арасынан артка кайтарылып жатканы тууралуу маалыматтар ЖМКларга жайнап чыкчу болду. Карап отуруп кайран убара, кайран талаага төгүлгөн продукция, бөөдө тарткан чыгым деп ичиңден катуу кейийсиң.

Кайран сабиз…Кайран пияз…

Өткөн жумада эле (9-июлда) Россиянын Айыл чарба көзөмөлү башкармалыгы Кыргызстандан бараткан 24,86 тонна карантиндик кооптуу продукцияларды Оренбург облусунун чек арасынан артка кайрыды. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн пияз болчу. Текшере келгенде продукцияларга берилген фитосанитардык сертификаты жараксыз болуп чыккан.

Андан мурдараак, (30-июнда) 102 тонна дарбыз, сабиз, пияз артка кайтарылган. Мунун ичинен сабиз, пияз Кыргызстандан жөнөтүлүптүр. Булардын да документтери жайында эмес болуп чыккан. Жалпы алганда жыл башынан бери бир гана Оренбург облусунун чек арасынан 3 миң 798 тонна айыл чарба продукциялары жүктөлгөн 268 авто-унаа артка кайтарылган. Мунун көбү, албетте Кыргызстандыкы.

Ошентип, Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүн сыртка алып чыгып сатып, пайда табууну көздөгөн айрым жарандарыбыз ЕАЭБдин маанисин, андагы киргизилген эрежелердин тартибин дегеле түшүнбөй коюшту. Мурдагыдай колуна тийген азык-түлүктөрдүунаага жүктөп алып, Россия кайдасың деп жөнөп кеткен заман өткөн. ЕАЭБдин аймагына товардын кайсы түрү болбосун чыгарууда Техникалык Регламентте каралган эрежелер сакталыш керек. Жөнөкөй айтканда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин рыногуна тиешелүү лабораториялардан алып бара жаткан товарыңдын сапаты жөнүндө сертификат алмайын жыла албайсың. Бул кандайча болуп жатат? Жа-рандарыбыз андай сертификаттарды кайдан алууну билбейби? Же бул тууралуу маалыматтары жокпу? Же тиешелүү мамлекеттик уюмдар жеткиликтүү иш алып барбай жатышабы?

Азабы өзүнө, доосу бизге…

Азыр Кыргызстанда ак төөнүн карды жарылып, жер-жемиштердин алды бышып, дыйкан-фермерлер өндүргөн товарларын мүмкүн болушунча баасын чыгарып сатууга аракет кылышууда. Мындай шарттарда ЕАЭБдин рыногуна, анын ичинде калкынын саны, сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору Россияга айыл чарба продукцияларын чыгаруу аракеттери болуп жатканы табигый көрүнүш.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара товар жүгүртүүсү 904 млн. долларды түзгөн. Мунун ичинен импорттун көлөмү 1,6 пай-ызга,  экспортко  чыгаруу  21,2 пайызга өскөн. Демек, экспортубуз өсүп атыптыр, муну ЕАЭБдин шарапаты деп койсок болот. Анын ичинен Россия менен өз ара соода жүргүзүү 62,2 пайызды түзөт же болбосо бул өлкө ЕАЭБдеги негизги өнөктөшүбүз экени талашсыз.

Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылында дыйкан-фермерлерибиздин өндүргөн продукциялары ЕАЭБ рыногуна кеңири чыгарылса, элибиздин да турмушу оңолуп, аймактарыбыз да өнүгөөрү турган иш. Баары бир күндө болуп кетпесе дагы Кыргызстандын бренди болуп кала турган жашылча-жемиштерди ЕАЭБ рыногуна арбын жеткирсек дегенде эки көзүбүз төрт экенин жашыра албайбыз. Бирок Кыргызстанда өндүрүлдү деген айыл чарба продукцияларынын Россиянын чек арасынан кайра кайтарылып жатышы бир жагынан маанайды түшүрсө, экинчи жагынан ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ЖМКларына жарыяланып, мамлекетибиздин имиджине да доо кетирүүдө.

Колуңду сунсаң лабороторияга жетесиң

Бул жерде Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын орду өзгөчө. Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка жооп берген, Ош жана Бишкек Улуттук лаборато-риялары, ошондой эле жер-жерлерде дагы 19 лаборатория элге кызмат кылууда. Тактап айтканда, Талас облусунда (Кара-Буура районунда), Бишкекте, Ош облусунда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы фитосанитардык лабораториялар, айыл чарба продукцияларын сыртка чыгарууга сертификат бере алышат. Демек, ЕАЭБгеби, Европа биримдигинеби, деле дүйнөнүн кайсы булуң-бурчуна болбосун Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын алып чыгам десең, ушул лабораториялардан атайын сертификат алып, анан жолго чыксаң жолуңду эч ким тоспойт. Бөөдө чыгым да болбойсуң, убара да тартпайсың!

Ал эми жалпы дыйкандарыбыздын аракетинде айып жок. Аларга жыл башынан бери банктар аркылуу төмөнкү пайызда 70 млн.доллар кредиттер да берилген. Ошол эле учурда Кыргызстандын дыйкан-фермерлери үчүн ЕАЭБден тышкары коңшу Кытай дагы өз эшигин ачсам деп турат. Айыл чарба министр лигинин маалыматына караганда Баткен облусунун Кадамжай, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары бүгүнкү күндө кытайга жер-жемиштердин бир нече партияларын жөнөтүшүптүр. Бул жакшы жышаан. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын 14 чарбасы Кытайга алчаны экспорттоо жөнүндө келишимге жетишиптир. Буларды, жогоркудай айрым көрүнүштөргө карабастан Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылып жатат деген ниетте мисалга келтирдим. Кайталагандай болбоюн, бирок ар бир продукциянын “ата-теги” тастыкталган сертификаты болмоюн, бүгүнкү шарттарда кыймылдай албайбыз…Ишкерлерибиз ушуну унутушпаса!