Эмгек мигранттары – экономиканын реалдуу инвесторлору

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кечээ, Бишкекте КР Президентинин “Аймактарды өнүктүрүү жылы” жарлыгына ылайык, “Биздин эмгек мигранттар – Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлору” аталышындагы тегерек үстөл өтүп, анын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Т.Икрамов, Өкмөткө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү жана мурдагы эмгек мигранты, “Тянь-Шань форели” өндүрүштүк компаниясынын жетекчиси Ильгиз Сарылдык уулу, РФдагы эмгек мигранты Толкунбай Акматов, РФдагы мигрант, “BRISAN” соода маркасынын негиздөөчүсү Бакыт Абдыкадыров, РФдагы мигрант, Россия Президенти В.Путиндин колунан “Эрдик” медалын алган Марат Исаев, Москва шаарындагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, вице-президент Акбар Маразыков ж.б. катышты.

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенген жарандарыбыздын саны 800 миңди түзсө, бейрасмий маалыматтар боюнча, миллиондон аша турганы айтылып келатканына көп жылдын жүзү болуп калды. Эгер мына ушул расмий жана бейрасмий маалыматка таянсак, ар бир үчүнчү эмгекке жарамдуу кыргызстандык  үй-бүлөсүн  багуу жана эмгек менен камсыз болуу үчүн өз өлкөсүнөн сырткары эмгектенет дегенди билдирет. Мунун өзү, сыртта жүргөн 800 миң –  1  миллиондун  тегерегиндеги эмгек мигранттары Кыргызстанда жашап жана эмгектенип жаткан ата-энесин, бир туугандарын, күйөөсүн/аялын, балдарын багып жатат, ошондой эле ошону менен бирге мамлекеттин бюджетине салык ж.б. башка төлөмдөр түрүндө миллиондогон акча каражаттарын берип жатат дегенди билдирет.

Улуттук банктын сайтындагы расмий маалыматка таянсак, 2017-жылы эле эмгек мигранттары тарабынан Кыргызстанга 2 миллиард 482,2 мил лион АКШ доллары тегерегинде акча каражаттары которулган. Бул ИДП нын 34,3%ын түзөт. Сырттан Кыргызстанга которулган акча каражатынын 90%ы Россия Федерациясынан которулган жана бул сумма 2 миллиард 435 миллионго барабар.

Эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү: каттоо маселеси, пенсия фонду, камсыздандыруу

Тегерек үстөлдө Россиядагы кыргыз мигранттары тарабынан бизге чет жерде “узун акчанын” жүргөн эмгек мигранты эмес, Кыргызстандын экономикасын өстүрүп-өнүктүрө турган инвестор катары мамиле болсо деген ой айтылды. Ырасында, мындай ой буга чейин да айтыла келген. Бул жолу ал ойду, Россиядагы эмгек мигранты, поезд жолуна кулап кеткен россиялык жаранды өлүмдөн куткарып, Россия Президенти Владимир Путиндин өз колунан “Эрдик” медалын алган Марат Исаев айтты. “Бизге, эмгек мигранттарына Россия Федерациясында жашап жана эмгек-тенгендиктен, турмуштук ар кандай жагдай-лардан улам, Россия өлкөсүнүн жарандыгын алууга туура келет. Бул турмуштук зарылчылык. Бирок бизге кыргызстандык айрым мекендештерибиз ала жипти бөлө кырккандай мамиле жасаганы, тактап айтканда кыргызстандык кыргыз жарандарына өз, ошол эле учурда россиялык жарандыгы бар кыргыздарга бөтөн мамиле жасап, бөлүп сүйлөгөндө ич ачышпай койбойт. Бизге, Россияда жашап жана эмгектенип, ошол өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздарга Россиянын жарандыгы Кыргызстанды сүйүүгө жана өз киндик кан тамган өлкөбүзгө жардам берүүгө эч кандай тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче, ар бир эмгек мигрантынын башында бар кыйынчылыктардан, баш оорулардан оолак болууга жардам берет. Бизди, Россия Федерациясынын жарандыгы бар кыргыздарды жана Кыргызстандык жарандыгы бар кыргыздарды бир өлкө, бир мамлекет – Кыргызстан бириктирип турат. Андыктан, эмгек мигранттарына тиешелүү көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө чакырат элем. Себеби, эмгек мигранттары бул жактагы өз ата-энесине же үй-бүлөсүнө гана жардам берип жаткан жери жок. Алар Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуп жатат. Андыктан, Кыргызстандын бийлигине акыркы айларда Россия өкмөтү тарабынан кабыл алынган, эмгек мигранттарын Россия жергесинде кыйындаткан каттоо маселеси менен байланышкан көйгөйдү тез арада жана биргелешип чечүүгө чакырат элем. Эгер, ошол тоскоолдуктан улам, эмгек мигранттары Кыргызстанга кайтып келе турган болсо, биринчиден, алар бул жакта умушсуздардын катарын толуктайт. Экинчиден, алар иштеп таап, сырттан Кыргызстанга ай сайын жөнөтүп жаткан акча келбей калат. Демек, бул кыргыз эмгек мигранттары үчүн гана эмес, Кыргыз өкмөтү үчүн да олуттуу маселе деп эсептейм”, — дейт Марат Исаев.

Россиядагы эмгек мигранты Толкунбай Акматов да өз кезегинде кыргыз эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнө токтолуп өттү. Анын айтымында, камсыздандыруу жана пенсия фонду маселесин тез арада чечүү зарыл. Себеп дегенде, эң алгачкылардан болуп эмгек миграциясына кеткендердин алды пенсия жашына келип калышкан. Андыктан, пенсия маселесин чечүү маселеси күн тартибинде турат. Муну албетте, Өкмөттүн деңгээлинде, ЕАЭБдин алкагында чечүү керек. Ошондой эле, олуттуу көйгөйлөрдүн бири – камсыздандыруу маселеси. Ал бул маселени да бир жаңсыл чечүү үчүн камсыздандыруу фондун түзүүнү сунуш кылды. “Биз ал жакта бир катар камсыздандыруу фондуна кайрылып көрдүк. Бирок, ал фонддордун максаты эмгек мигранттарын камсыздандыруу эмес, кызылдай бизнес экен. Ошондуктан, өкмөткө эмгек мигранттарына жардам берүү үчүн камсыздандыруу фондун ачуу сунушу менен кайрылат элек. Ар бир эмгек мигранты сыртка чыгып баратып, камсыздандыруу фондуна миң сом калтырып кетсе, бир миллиард чогулат. Бул акча менен мигранттарды камсыздандырууга байланышкан көп маселени чечсе болот” деген сунушун билдирди.

Ошентип, тегерек үстөлдө эмгек мигранттарынын үч көйгөйү: Россия өкмөтүнүн чечимине ылайык, татаалдашкан каттоо маселеси, пенсиялык фонд жана камсыздандыруу маселелери айтылды. Бул маселелер колдоого арзыйт. Чындыгында, эмгек мигранты Толкунбай Акматов айткандай, эмгек мигранты болуп сыртта жүргөн бир миллион киши миң сомдон камсыздандыруу фондуна чогулса, эмгек мигранттарынын көп маселелери чечилип калмак.

Эмгек мигранттары – Кыргызстандын экономикасынын реалдуу инвесторлору

РФдагы мигрант, “BRISAN” соода маркасынын негиздөөчүсү Бакыт Абдыкадыровдун айтымында, акыркы жылдарда Кыргызстандын кийим тигүү тармагы солгундап баратса, Казакстан менен Өзбекстандын тигүү тармагы өнүгүп баратат. “Эмне себептен Кыргызстандын кийим тигүү тармагындагы абал солгундап кетти? Себеби, Өкмөт тарабынан тиешелүү деңгээлде колдоо жок болуп жатат. Тескерисинче, тоскоолдуктар көп болуп жаткан сыяктуу. Эмне үчүн Казакстан менен Өзбекстанда абал жакшы? Балким, аларда мамлекеттик деңгээлде колдоо болуп жаткандай. Мүмкүн, алар жеңилдетилген кредиттерди ж.б. жеңилдиктерди алып жаткандыр. Айтор, алар өнүгүп жатат. Бүгүн Москвада, Питерде, Екатеринбургда Кыргызстанда тигилген кийимдер бааланат. Ушуну сактап калуу керек. Эгер, кыргыз Өкмөтүнүн деңгээлинде колдоо болсо, италиялык жеңил өнөр жайы тиккен кийимдер менен атаандаша ала турган кийимдерди тиккен колдон келет”, — дейт Б.Абдыкадыров.

“Тянь-Шань форели” балык чарбасынын жетекчиси Ильгиз Сарылдык уулу өзүнүн өндүрүш ачуудагы кыйынчылыктары менен ой бөлүштү. Анын айтымында, балык чарба ишканасын кеңейтүү үчүн Кыргыз-Россия фондунан кредит ала албай, качан гана Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганда гана кредит алууга мүмкүнчүлүк болгонун жашырган жок. “Кыргыз-Россия фондунун кредиттеринин 75%ы Бишкектеги соода маркеттерине, же ресторан, кафелерди салууга берилет экен. Фонд эң алды элетти өнүктүрүү жана өндүрүштү өнүктүрүү түзүлгөн. Биз жеке ишкерлер аталган фонддон өз өндүрүшүбүздү өнүктүрүү үчүн кредит ала албай жатабыз. Мисалы, мен Кыргызстанда өндүрүш ачуу үчүн чет жерлерде иштеп каражат топтодум. Балык чарбасын уюштуруу үчүн Молдавияда болуп, балык өстүрүү боюнча алардын тажрыйбасын алдым. Форель өстүрүү чарбасын уюштуруу үчүн 700 миң АКШ долларын жумшадым. Чынында, бул акчаны башка бизнеске деле жумшасак болмок. Бирок, мен Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү келечегин көрүп турам. Себеби, бизде мөлтүр кашка өзөн суулары көп. 3500дөн ашуун агын сууларыбыз бар. Аны ылайыкташтырып, кышы-жайы форель өстүрсө болот. Эң башкысы, балык чарбаларын уюштурууга мамлекеттик деңгээлде колдоо керек. А балык сатуу үчүн көп деле баш оорутпасак да болот. Башкасын айтпаганда, Россияда эле буга кызыкдарлар көп. Болгону алар алганга жараша көбүрөөк көлөм болсо деп сурап жатышат. Демек Кыргызстан боюнча балык чарбасын өнүктүрүп, логистикалык борборлорду куруп алсак, иш алдыга илгерилемек”, — дейт Ильгиз Сарылдык уулу.

Эмне кылуу керек?

Эми ушерден бир аз лирикалык чегинүү жасасак. Адатта, “карызды убактылуу аласың, кайра бергенде биротоло бересиң” дешет. Анысы кандай, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери миллиарддаган кредиттерди алып жана бир четинен олчойгон проценттер менен кайтарып жатат. Кыргызстанга келип жаткан инвестиция тууралуу деле ошону айтсак болот. Инвесторлор ит түгүндөй инвестиция берип, аны ат башындай алтын менен кайтарып алып жатышат. Ошол эле Кумтөрду айтсак, Кыргызстан Кумтөрду иштеткенден байыган жок. Чет элдик инвесторлор байып, байманасы ташып жатат. Биз сынык тепши менен отурабыз. Ушул өңүттөн алганда, эмгек мигранттары жыл сайын Кыргызстанга которуп жаткан 2 миллиарддан ашуун доллар чыныгы инвестиция эмей эмне?!! Мунун дагы бир жакшы жери – бул акчаны Кыргызстан чет элден алган кредит сыңары катары үстөгү менен артка кайтарбайт. Экинчиден, бул ит түгүндөй каражат үчүн артка кайтарылган ат башындай алтын эмес.

Андыктан, “Биздин эмгек мигранттар – Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлору” тегерек үстөлүнүн катышуучулары айткандай, бүгүн өкмөт эмгек мигранттарына далысын салбай, жүзүн бурушу шарт. Эмгек мигранттары Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлору экени мамлекеттик программалардын жана концепциялардын деңгээлинде аныкталып, алардын кыргыз жергесинде ээн-эркин жана эч кандай тоскоолдуктарсыз иштешине шарт түзүлүүгө тийиш. “Тянь-Шань форели” балык чарбасынын мисалында алсак, балык чарбасын өнүктүрүү үчүн өз чөнтөгүнөн 700 миң доллар жумшаган Ильгиз Сарылдык уулуна Кыргыз-Россия фондунун кредит бербей кыйшаңдап, качан гана мамлекет башчы өзү кийлигишкенде, кредит бергени укуктук жагынан да жооп табат деген ишеничтебиз. Эмне үчүн ресторан, бизнес борборлор үчүн кредит берген аталган фонд өндүрүштү өнүктүрүүгө келгенде кредит бербей, убара кылган.

Резолюция

Тегерек үстөлдүн соңунда резолюция кабыл алынды. Анда: биздин эмгек мигранттарыбызды Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлору катары таануу, КРда жаңы технологияларды өнүктүрүү сунуштары айтылып, Өкмөткө эмгек мигранттарын инвестициялык долбоорлорго тартуу программаларын иштеп чыгуу, инвесторлорду 5 жылдык мөөнөткө салыктан бошотуу, жаңы ачылган ишканаларды 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылтуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууну тездетүү сунуштары берилди.