18-июлга карата аба ырайы

18-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34;

Ош облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Баткен облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28.

Бишкекте түнкүсүн өткөн өтөт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.