Жең ичинен бузулган жер мыйзамы

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Өлкөбүздөгү Бишкек ЖЭБин, Тарых музейин реконструкциялоо боюнча ири коррупциялык схемалардын ашкереленишине улай эле жерлердин мыйзамсыз берилгени боюнча фактылар ачыкталды.

Мезгил мезгили менен Бишкектин айланасындагы жерлердин мыйзамсыз берилгени тууралуу маалыматтардын басма сөз каражаттарына чыкканы менен ага байланышкан териштирүүнүн соңу кандай болгонунан коомчулук кабардар эмес.

Жакында жер тилкелеринин мыйзамсыз берилгени тууралуу дагы бир факт катталып, Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго КР КЖКсынын “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”  жана  “коррупция” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагында жаткан вице-мэрдин баш коргоо чарасын камакта калтыруу боюнча чечимин чыгарды. Аны менен кошо жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да камалды. Экөөнө үч жарым гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланууга берген деген күне коюлду.

Бизге жеткен маалыматтарга таяна турган болсок, алар жер мыйзамдарын бузуу менен Бишкектин 12-кичи районундагы 3,8 гектар жерди мыйзамсыз берип жиберишкен. Учурда ал 3,8 гектар жерге курулуш компаниялары турак-жай куруп баштаган. Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкелеринин  шаардын башка тарабындагы жерлерге салыштырмалуу баасы жогору. Келишим  боюнча бул жер тилкеси 5 жылга ижарага берилсе да алган жаран өзү билемдик менен аны миллиондорго сатып жиберген.

Жер мыйзамы бузулган бул жагдай боюнча иликтөөнү аталгандар менен кошо жер боюнча комиссиянын мүчөсү болгон шаардык кеңештин сегиз депутатынан жана райондук бийлик жетекчилеринен да баштоо ашыкча эмес. Анткени бул жердин берилиши тууралуу маселени бир-эки эле адам чечпестен, коллегиалдуу чечим болгон.

Ч.Айтматов көчөсүнүн боюндагы жер тилкеси боюнча Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маалыматында жерлердин берилүүсү электрондук порталга чыгып, ачык-айкын конкурс аркылуу жүргүзүлгөндүгү жана мэр өзү ал комиссияга кирбегендигин айткан. Ошондой эле жерлер боюнча конкурсту атайын комиссия өткөрүп, кимдердин катышканы жана алардын кандай сунуш бергени мыйзамдын чегинде каралып, анан чечим кабыл алынганын билдирген. Ал эми биринчи вице-мэрдин катыштыгы менен жер мыйзамынын бузулуусу катталган факт боюнча комментарий бере элек. Мындан улам жогоруда айтылгандарды тактоону көздөп, Бишкек шаарынын мэриясына жана анын басма сөз катчысына кайрылдык, бирок маалымат ала албадык.

Ал эми Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын начальнигинин орун басары Болот Усубалиевге кайрылганыбызда ал Бишкектин 12-кичирайонунда мыйзамсыз берилген 3,8 гектар жерге курулуп баштаган турак-жайлар менен кыска жана узак мөөнөткө ижарага берилген жерлердин жол-жобосун төмөнкүчө түшүндүрдү.

— Бишкектин 12-кичи районундагы 3,8 гектар жер тилкеси 2014-жылы берилген. Ал кезде бул жер боюнча кандай бүтүм чыкканы боюнча менде маалымат жок. Жарандар ал учурда мэриянын алдындагы УМСке арыз менен кайрылышат. Андан соң Бишкек  шаар дык башкы архитектура башкармалыгына өтүнүч жөнөтүшөт. Архитектура башкы пландын, шаар куруу регламентинин негизинде карап чыгып, ал тууралуу бүтүм чыгарып берип, кайрадан кароого УМСке жөнөтөт. Архитектура чыгарган бүтүм жер участогун бөлүп берүү болуп эсептелбейт. Биз ошол жердин архитектуралык талаптарга жооп бере тургандыгы жөнүндө гана маалымат беребиз.

Бишкек шаардык Башкы архитектурасы жер тилкелерин 5 же 49 жылга ижарага берүү маселесин карабайт. Муну карап чыгуу жоболордун негизинде комиссиянын карамагында. Биз башкы пландын, ПДПнын негизинде ошол жер тилкесине көп кабаттуу үй курула тургандыгы каралган болсо ал боюнча маалымат беребиз. Бүгүнкү күндө жерди жеке менчикке бергенге уруксат жок. Жер тилкелери кыска жана узак мөөнөттүү ижарага берилет. Аны комиссия чечет. Ал эми жер тилкелерин 5 жылга ижарага берүү буга чейин 49 жылга ижарага алгандар кийин башкы пландагы көрсөтүлгөн келишимди ишке ашырбагандыктан улам келип чыккан. Жерлердин узак жана кыска мөөнөткө ижарага берилишин биз карабайбыз, бирок ошол берилген жерге социалдык объекттерди куруу каралган болсо, ал документте көрсөтүлүп, ал жөнүндө маалымат жазылат.

Ал эми ошол жерлерге Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы уруксат берип салыптыр деп элди адаштырып жатышат. Көп кабаттуу үйлөр башкы пландын негизинде салынат. Ижарага берилген жерди кимдир бирөөлөр сатып алып, үйлөрдү курушу мүмкүн, эгер андай болсо, анын каттоосу нотариус аркылуу жүргүзүлүшү керек. Бул жөнүндө бизде так маалымат жок. Аукционго коюлган жерди сатып алган жаран бизге кайрылса, комиссия аны карап чыгып 5 жылга ижарага берилген жерге көп кабаттуу үйлөрдү курганга бере алабыз деген бүтүм чыгаргандан кийин гана Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы анын документтерин карап берет. 5 жылга ижарага берилген дегенди көпчүлүк туура эмес кабылдап жатышат. Сквер, парк жана башка коомчулук жалпы колдоно турган жерге объект курууга болбойт. Мына ошол жерлер менен чаташтырбоо керек. Мындай жерлерге биз уруксат бере албайбыз. Биз мыйзамга ылайык, архитектуралык нормалардын сакталышын гана көзөмөлдөйбүз. Жер кодекси боюнча жер тилкелерин жарандарга 49 жылга чейин ижарага бергенге уруксат бар. Бирок комиссия 49 жылга берсек, ал жерге эч нерсе салбай жүрө бериши мүмкүн деп кооптонуп, 5 жылга ижарага берип жатышат,- деди.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылганыбызда УМСтин бул маселеге тиешеси жоктугу, алар болгону коомдук пайдаланууга берилген жерлер боюнча гана жооп берери айкын болду. Ал эми Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчилиги бул маселе тууралуу укук коргоо органдарына кайрылгыла деп, маалыматты бере албастыгын айтты.