«Мекенге кызмат кылуу!»:  генералдар… жалган ардагерлер… пенсия… пособие… кылмыш иши… миллиондор

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Кыргызстан чакан мамлекет. Калкынын саны аз. Күч түзүмдөрүндө кызмат кылгандар деле анчалык көп эмес. Бирок, негедир генералдар көп. Генералдык наам жыл сайын “пачкалап” берилип жатат? Албетте, генералдык чиндин берилип жатканына эч кандай деле ич тардык жок деңизчи, бирок бул чин эмненин урматына, кайсыл кылган кызматына берилип жатканы белгисиз? Ии, баса, генералдар көбөйгөн сайын алардын тегерегиндеги суроолор да көбөйө баштады.

Генералдар канча пенсия алат?

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги отурумунда Соцфонддун өкүлүнөн аскер генералдарынын пенсиясы тууралуу маалымат берүүнү өтүндү эле, Соцфонддун төрагасынын биринчи орунбасары Гүлнур Жуматаева анда мындай маалыматтар жок экенин айтып, ийинин куушурду. Адатта, бирөөнүн чөнтөгүндөгү акчаны  эсептеген  туура эмес деп айтышат. Антсе да, Жогорку Кеңештин депутаттарында бюджетке, пенсияга байланышкан  маселелер  боюнча тийиштүү  мамлекеттик органдардан  маалымат алганга  ыйгарым  укуктары  жетиштүү.  Садык мырзанын маселени кабыргасынан  койгонунда талаш жок. “Мүмкүн, отурумга  катышуучулардын ким-бирөөсүндө мындай  маалыматтар бар чыгар”, – деп депутат экинчи кайталап сураганда,  Коргоо  иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары  Нурсеит  Кедеев “генералдардын  орточо пенсиясы 35-40 миң сомду түзөт” деп ооз учунан жооп берди. Анан эле аскер генералдарынын пенсиясы коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, бүйүрүн кызытты.

Арийне, антсе да аскер генералдарынын канча пенсия алары бүдүк бойдон калууда. Дегенибиз, ушул окуядан кийин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы төрага орун басарынын айткандарына түшүндүрмө берип, аскер генералдары 35-40 миң пенсия алат деген билдирүү чындыкка жатпайт деп түшүндүрмө таратты. Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, аскер кызматчыларынын пенсиясы аскердик чинине жараша берилет. Аскер пенсиясынын көлөмүн аныктоочу негизги критерий офицер акыркы кызмат кылган жердеги кызматынын айлык акысы болуп эсептелет. Алсак, полковник жана генерал-майордун аскердик чини боюнча айлык акыларынын айырмасы 100 сомду түзөт. Ошентип, аскер мекемесининин жетекчиси/жетекчи орунбасары кызматынан пенсияга чыккан генерал-майор 28ден 30 миң сомго чейин пенсия алышы мүмкүн болсо, ошол эле учурда андан ылдыйкы кызматта турган генерал-майордун пенсиясы 18-20 миңди түзүшү мүмкүн. Бул суммага аскердик чини үчүн акы, кызматтык айлык акысы, азык-түлүктү алмаштырган акчалай компенсация кирет.

Кыскасы, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда аталган аскердик мекеменин төрага орун басары Нурсеит Кедеевдин “генералдардын орточо пенсиясы 35-40 миң сомду түзөт” дегени калп. Андай болгондо, кимисине же кимге ишенсе болот?

Киреше тууралуу декларация: бир жылда 613 миң сом пенсия…

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы так эмеспи, же мамкомитеттин төрага орун басарыныкыбы, биздин колдо башка маалымат бар. “Кnews.kg” сайты (http://knews.kg/) 2015-жылдын 23-июлунда “Сколько зарабатывают министры в Кыргызстане?” аттуу макала жарыялаган. Анда аталган сайт министрлер 2014-жыл үчүн өз кирешелери тууралуу маалыматтарды бергенин айта келип, Мамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматтарына ылайык, өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына караганда, азыраак айлык аларына басым жасаган. Ошол макалада ошол учурдагы коргоо министри А.Кудайбердиев тууралуу: “Чуть меньше председателя ГКНБ заработал министр обороны Абибилла Кудайбердиев. В своей декларации он указал, что в 2014 году в качестве заработной платы получил 446 тыс. 493 сомов, а в качестве пенсии – 613 тыс. сомов. Наличие недвижимого или движимого имущества министр в декларации не указал. У его родственников имеются дом, квартира и земельный участок” деген маалымат берген. Эгер бул маалыматка таянсак, анда А.Кудайбердиев министр кызматында туруп, мамлекеттен аз эмес пенсия алып турган. А.Кудайбердиев 2014-жыл үчүн алган 613 миң сом пенсияны 12 айга бөлсөк, анда 1 айга 51 миң сомдон туура келет. Бул сан менен Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын жана мамкомитеттин төрага орун басары берген маалымат ортосунда айырма

чоң болгондуктан, экс-министрдин пенсиясы тууралуу маалымат канчалык чындыкка жакын экенин тактоо үчүн КР Социалдык фондунун басма сөз кызматына байланышсак, аерден аскер кызматчылары башка мамлекеттик кызматкерлердей өлкөнүн социалдык фондуна тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөгөн соң, алардын пенсиясы боюнча маселени өздөрү карап, чектей турганын түшүндүрүштү. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматын жана аскер кызматчыларынын пенсиясын чектеген башкармалык менен байланыша алган жокпуз. Аскер генералдарынын канча пенсия алары тууралуу маалыматты тактоо оңой маселе эмес көрүнөт.

Аскер ардагерлери: бири Иолотанда, бири Йеменде кызмат кылган болочок генералдар, бирок согуштук аракеттерге катышкан эмес…

Акыркы жылдарда ооган ардагерлеринин катарында жалган ардагерлер көбөйүп, чыныгы ардагерлердин беделине көлөкө түшүргөн себептүү, 2016-жылдын декабрында, өлкөнүн премьер-министринин тапшырмасы менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, Кыргызстанда 159 жалган ооганчы ардагер бар экени аныкталган. Эгер, комиссиянын бүтүмүнө таянсак, ушуга чейин ооган согушунун ардагеримин деп келген Кыргызстандын 37 жараны Ооганстандагы согушка таптакыр эле катышпаганы аныкталган. Алардын катарында Чек ара кызматынынын төрагасынын экс-орун басары, генерал-майор Рысбек Мирзаматов бар. Ал 1983-1985-жылдарда Түркмөнстандын Иолотань шаарында кызмат кылган. Ведомстволор аралык комиссиянын катына жиберген жообунда Түркмөнстандын Коргоо министрлиги Р.Мирзаматов кызмат кылган аскер бөлүгү Ооганстандын аймагындагы операцияларга жана согушка катышпаганын билдирген. Айтымда, ал 2004-жылы Ош шаардык аскер комиссары болуп турганда, 1984-1985-жылдарда Ооганстанда кызмат өтөгөн деген согуштук аракеттердин ардагеринин күбөлүгүн жасап алган.

Аталган комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен, Коргоо министрлигинин башкы штабынын экс-начальниги Нурдин Чомоев Йемендеги согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн пособиени жана пенсиясына кошумчаны мыйзамсыз алып жүрөт, ал да жалган ардагер деген кине коюлган. Айтымда, Йеменде 1962-жылдын октябрынан 1963-жылдын мартына жана 1967-жылдын ноябрынан 1969-жылдын декабрына чейинки аралыкта гана согуштук аракеттер болгон. А Н.Чомоев Йеменде 1986-жылдын июлунан 1989-жылдын июлуна чейинки убакытта болгон. Расмий маалыматтар боюнча бул аралыкта Йеменде согуштук аракеттер болгон эмес.

ИИМ системасында Ооганстандагы аскердик аракеттерге катыштык деген кызматкерлердин 83ү жалган айтканы белгилүү болгон. Ишенерлик калп айтса  да,  мейли  го,  айталы Ооганстандагы согушка  катыштым  деген 44 жаштагы милициянын прапорщиги Марат Аманкулов 1989-жылы Ооган жергесинен аскерлер чыгарылып кеткен мезгилде, болгону 15 жашта гана болгон. Ал эми ооган согушунун дагы бир “катышуучусу” 40 жаштагы милициянын старшинасы Дамир Сарбаев 1989-жылы канчага келгенин эсептеп чыгуу үчүн чоң математик болуунун деле кереги жок.

Жазаларды  аткаруу  мамлекеттик  кызматынын сегиз кызматкеринде да, алардын Ооганстанда болгонун тастыктаган тийиштүү документтер табылган эмес. Ошентип, 159 киши алты миң сом көлөмүндөгү пенсияга кошумча жана акчалай пособиени мыйзамсыз алып келишкен. Комиссия бул фактылар боюнча материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп берген.

Ардагерлер эмне үчүн согуштук аракеттерге катышкан макамын алгысы келет?

Мунун эч деле сыры жок. “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана тылдын эмгекчилери жөнүндө” мыйзамга ылайык Ооганстан жана башка өлкөлөрдөгү согуштук  аракеттердин  катышуучулары жеңилдиктерге ээ жана пенсияларына кошумча берилет. Согуштук аракеттерге катышкан ардагерлердин ар бирине 2010-жылдын январынан ай сайын алты миң сом берилип келатат. Мындан тышкары, Ооганстандан аскерлер чыккан күнгө карата бир жолку пособие берилет. Ар кайсы аймактарда суммасы ар кандай. Пенсияга чыккандарга ай сайын 100 сомдон кошулуп турат. Иштегендери киреше салыгынан бошотулган. Кыскасы, мамлекет тарабынан ар тараптуу камкордукка алынган. Бир сөз менен айтканда, ошол жеңилдиктерге жана жеңил акчага кызыккан жалган ардагерлердин ар бири мамлекетке бул жылдардын ичинде 576 миң сом зыян келтирсе, 159 жалган ардагердин келтирген зыяны – 92 миллион 160 миң сом.

Кылмыш иши козголгон экс-министрлер: Т.Өмүралиев, А.Кудайбердиев…

2015-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коргоо министрлигиндеги бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга байланышкан бир катар коррупциялык схемаларды аныктаган.

УКМКнын маалыматына караганда, 2013-жылы Коргоо министрлиги менен “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абадга аскер шаарчасын куруу боюнча 133 млн. 200 миң сомдук келишимге кол коюп, кийин иштин көлөмү көбөйүп кетти делип, дагы бир келишим түзүлүп, курулуштун сметасы 221 млн. 100 миң сомго көбөйүп кеткен. Кыскасы, ушул фактыга байланыштуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиев, Абибилла Кудайбердиев жана “Аскер курулуш” ишканасынын башкы директору Куваныч Колхожоевге жана да министрликтин башка да жооптуу кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү коромжу кылуу, өз пайдасына коротуу” беренелеринин негизинде кылмыш иштерин козгогон. Бүгүнкү күндө соттук териштүүлөрдүн бири аяктаса, башкасы уланып жатат. Бул тууралуу эмкиде кеңири сөз кылабыз.