Энциклопедия – ээнооздук эмес,  же чаласабаттык менен калпычылыктан качан кутулабыз?

Акыркы кездери Кыргызстанда ар бир облус, район, ал түгүл, айыл аймагынан бери өз энциклопедиясын түзүп,  чыгаруу жөрөлгөсү  модага айланды. Андай басылмалардын көпчүлүгү жөн гана жеке авторлор, “жергиликтүү редакциялардын” эмгеги менен даярдалып,  облустук, райондук дегендей өзүнө тийиштүү тар чөйрөдө таратылууда. Ошентип,  жалпы коомчулук көңүлүнөн оолак калгандыктан,  алардын маани-маңызы, сапаттык деңгээлине  эч ким көңүл бурбай, сын айтылбай, ар ким өз билген намазын окуп атат.

Жакында ошондой басылмалардын бири, Алай районунун энциклопедиясы жарыкка чыкты. Арийне, бул китептин  “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясынын астында басылгандыгы кыйла олуттуу түр берип тургансыйт. Ага жараша китептин техникалык сапаты да мыкты.  Сапаттуу, аппак сыйда кагазга түстүү сүрөттөр менен басылган. Кыскасы, сыртынан көзгө толумдуу. Анткен менен, китеп жөн эле кармалап көрүү үчүн, же китеп текчени көрктөндүрүү, болбосо, көргөзмөгө коюу үчүн чыкпайт эмеспи. Окурман андан так, туура, өзүнө керектүү маалымат алышы керек. Демек, тышы эмес, ичи маанилүү.

Тилекке каршы, бул жагына келгенде энциклопедия өз атына ылайык жүк көтөрө албайт. “Ээрге отурганда эле кыйшык эле…” деп коёт эмеспи кыргызда. Анын сыңары, авторлор адеп китепти ачкандан эле одоно ката кетиришип, энциклопедиянын 1-бетине жарыяланган ырдын авторун алмаштырып коюшкан.

“Тоолору арчага бай, суусу белен,

Аскасы асман тиреп, төрү кенен.

Адамга кубат берген таза абасы,

Атыңды ардак тутам Алай деген”, — делген төрт сап ырдын этегинде автор катары дүйнөдөн эрте өткөн акын Айтмамат Үмөталиевдин ысмы жазылып турат. А чындыгында бул саптар — А.Үмөталиевге эмес, азыр арабызда жүргөн алайлык акын Базарбай Аматовдун калемине таандык. Анын “Алайым” деген үч куплет ырынын биринчи куплети.

“Эшигин көрүп, төрүнө өт” демекчи, ар кандай басылма үчүн жалпы багыттама берген баш сөз өзгөчө мааниге ээ. “Алай энциклопедиясынын” баш сөзү жеке адам, редакциялык кеңештин төрагасы, “Улуу Алай” коомдук бирикмесинин президенти Суран Өмүрзаков тарабынан жазылыптыр. Анда Алай аймагын орундуу-орунсуз мактап келатып эле автор: “Бирок кылымдан кылымга аталган Алайдын каада-салтын, ар-намысын, эл-жерине болгон мекенчилдигин сактап келе жаткан азыркы Алай эли. Акыркы 30 жылдын ичинде эки жолу өзүмчүл сепаратисттерге каршы туруп, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калган да алай элинин азаматтары”,- деп “балп” эттирет.

Таңгалыштуу,  мамлекеттин бүтүндүгү, эгемендиги бир өрөөндүн элинин гана эркинде калып, аны 30 жылдан бери бир райондун эли гана сактап келатса, бул эмне деген мамлекет?! С.Өмүрзаков мындай ою менен бүтүн Кыргыз Республикасынын намысына, кадыр-баркына көлөкө түшүрүп эле тим болбой, андан да кооптуусу — өлкөнүн көп улуттуу калкын кайра кайраштырып жаткан жокпу?

Дегинкиси, энциклопедия расмий басылма, анын өзүнө тийиштүү стандарты, калыбы, стили бар. Анын бүт материалдарында эле эмес, баш сөзүндө болсун, аяккы сөзүндө болсун, авторлордун, же редакциялык кеңештин төрагасынынбы,  айтор, субьективдүү жеке көз караш, менчик пикирлеринин жарыяланышы орунсуз.

Андан ары С.Өмүрзаков баш сөзүн: “Ушул китепти окуган ар бир инсан мекенчил болгусу келсе, эли-жерин сатпай, кылымдан кылымга көөнөрбөй келе жаткан кыргыздын каада-салтын катуу сактап, Алымбек датка уулу Абдылдабектин башка элде жарык дүйнө менен кош айтышып бара жатып да, жүрөгүн башка жерге ыраа көрбөй, “Алайга алып барып, жерге бер” деген сөзүнө таасирленип, мекенчилдиги дагы бир баскычка көтөрүлөт го деген ойдомун”- деп жыйынтыктайт. Биринчиден, сүйлөм таптакыр сабатсыз, түзүлүшү жагынан ката куралган. Эптеп аяк-башын кармап, түшүнмөкчү болсоң, анда айтылган маани ансайын сандырак болуп чыгат. Экинчиден, С.Өмүрзаков жана энциклопедиянын авторлору муну билип коюшу керек эле: биз бир нерсени көбүртүп-жабыртып, жалган-жашыкты кошуп айтып, жазуу менен эле кыргызды, келечек муунду мекенчил, патриот кылып жибере албайбыз. Тескерисинче, көзүн таңып, оюн будамайлап, жолдон адаштырышыбыз мүмкүн. Биз чындыкты, жана да чындыкты гана айтуу, жазуу менен, ар кандай  тарыхый окуя, ар бир тарыхый инсан тууралуу так, акыйкат маалымат берип, ар ишти терең талдап, калыс баалоо аркылуу гана келечек муунга туура жол көрсөтүшүбүз мүмкүн. Үчүнчүдөн, ырас, азыр плюрализм принциби, сөз эркиндиги бекем сакталган демократиялык коомдо жашап жатабыз. Ар ким өзүнүн ар кандай жеке пикирин айтканга укуктуу. Бирок, андай пикирдин да айтылар өз орду, убагы бар. А энциклопедия ар ким оюна келгенин айтып, жаза бере турган чөнтөк дептер эмес.

Курманжан датка коммунист болушу керек беле?

Эми энциклопедиянын маалымдама макалаларына келели. Майда-чүйдөсүнө токтолуп отурбай, кыргыздагы уникалдуу  тарыхый ишмер Курманжан даткага арналган макаланы окусак, анда: “Курманжан датканын уулдары Абдылдабек, Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшкөн. Бирок, алардын күрөшү феодалдык мүнөздө болуп, өз кызыкчылыктарын көздөгөн”, же болбосо, “Курманжан феодалдык таптын өкүлү болгондуктан, үстөмдүк кылуучу таптын кызыкчылыгын жактаган” деген саясый баа берилет. Кызык, Курманжандын балдары “эзүүгө каршы күрөшөт” экен да,  бирок, “өз кызыкчылыктарын көздөптүр”…  Деги мындан эмнени түшүнүүгө болот? Логика кайда? Биздин билишибизче, Кокон бийлиги Курманжан датканын балдарын “эзбей” эле, кайра мансап берип, бек кылып дайындап, өз койнуна тарткан; а эзсе, салыкты олчойтуп салып, түрүн да көбөйтүп, каалагандай иштетип, керек кезде аскер алып,  караламан калкты эзгендир… Ал эми энциклопедия авторлору бир эле сүйлөмдө бирин-бири жокко чыгарган эки түшүнүктү берип, “окуп алып мекенчил боло турган” адамдын башын ансайын адаштырып жатышпайбы!

Айталы, Курманжан датка “үстөмдүк кылуучу таптын кызыкчылыгын” кантип жактаган”? Деги ал кандай тап? Деги “энциклопедиячылар” муну менен эмнени айткысы келип жатат? Курманжан датка менен балдары марксист-коммунист болуп, пролетариат диктатурасын орнотуу үчүн күрөшүп, революция жасабай коюшкан деп, “саясый” айып тагуудан алыспы деги?

Бул жазгандарына караганда, сыягы,  авторлор дале комунисттик идеологияны гана туу тутуп, тарыхты  марксистик-лениндик көзкараш менен таптарга бөлүп  караган, мурда бийлөөчү же бай катмарга кирген адамдын баарын жеке кызыкчылыгынан жогору көтөрүлбөгөн деп  санаган тоталитардык-советтик  мезгилде жашап жатабыз деп жаңылып калышкан окшойт. Же болбосо, өздөрүнүн билимсиздигин, кайдыгерлигин ашкерелеп, эч ойлонбостон туруп, Курманжан датка тууралуу советтик булактардагы текстти автоматтык түрдө көчүрүп алышкан көрүнөт.

Албетте, мен бул жерде Курманжан датканы, анын балдарын идеалдаштыруудан алысмын. Алар өз мезгилинин каармандары болгон. А инсанды мезгилден, доордон бөлүп кароого болбойт. А жеке кызыкчылык демекчи, пенде пенде болгону жеке кызыкчылык түшүнүгү жашайт. Адам жеке кызыкчылыгы менен жалпы элдик кызыкчылыкты кандайча айкалыштыра билет, кептин баары ушунда.

Курманжан датканын 180 жылдык мааракеси

Курманжан датканын 180 жылдык маареке-тою саясый эгемендиктин алдындагы кыргыз тарыхындагы өтө маанилүү окуя болгондугу баарыбызга белгилүү. 1991-жылдын 13-августунда Ош шаарындагы иш-чаралар менен башталып, 15-августунда Алай районунун Ак-Босого өрөөнүндө жыйынтыкталган  бул маараке кыргыз элинин улуттук рухунун чыңалышынан кабар берип, Кыргызстан эркин мамлекет катары канат сермээр алдындагы өзүнчө бир символикалуу окуя болгон.

Арийне, ар нерсенин башаты бар. Мунун баары КПСС БКнын башкы катчысы Михаил Горбачев баштаган СССРдеги кайра куруу саясатынан уланган болчу. Кайра куруунун деми менен Советтер Союзунда коммунисттик партиянын авторитардык-тоталитардык бийлигинин өкүмү кайтты. Коомго демократиялык баалуулуктар, ачык-айкындуулук кире баштады. Анын аркасында өткөн тарыхыбызды да бир сыйра көздөн өткөрүп  талдоого, мурда адилетсиз түрдө унут калган, же болбосо, ак жерлен куугунтукталып, репрессияланып кеткен тарыхый ишмерлерибиздин өмүр, ишмердигин иликтеп,  барктоого шарт түзүлдү.

Талаш жок, адилетсиз унуткарылган 19-кылымдагы тарыхый ишмерлерибиздин эң көрүнүктүүсү Курманжан датка Маматбай кызы болчу.  Курманжан даткага окумуштуу иликтөөчүлөрдүн өзгөчө көңүлү бурулуп, анын өмүрү жана ишмердиги кеңири иликтенип, ага байланыштуу макалалар күндөлүк басма сөз беттерине байма-бай жарыяланып тургандыктан, 1991-жылга келип, “Алай ханышасы”  жалпы элдик таанымга ээ болуп, барктала баштаган. Андыктан, анын мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүп, тарыхый негизин биротоло бекемдеп, атын түбөлүккө калтыруу маселеси өзүнөн-өзү күн тартибине коюлуп, бул боюнча жетик коомдук пикир биротоло түзүлүп бүткөн болчу. Мындай иш-чара учурунда мамлекеттик-улуттук саясат, идеология үчүн да аба-суудай зарыл болуп тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү го.

А бирок, “энциклопедиячылар” эмнегедир баарына дайын болгон  бул чындыкты да жокко чыгарып, мааракенин өтүшүнө да кимдир бирөөлөрдү “автор, демилгечи” кылып, бардык эмгекти ошолорго энчилеп бергиси келиптир. Алар китепке минтип жазышат: “Маараке коомдук ишмер жана датканын урпагы Ч.Абдыкапаровдун демилгеси жана сунушу менен уюшулган. 1991-жылы 11-январда Ош обл.кеңештин кезексиз сессиясында өлкөнүн президенти А.Акаев сөз сүйлөп, Ош окуясына баа берген. Ош обл.кеңештин депутаты Ч.Абдыкапаров:” Быйыл Курманжан энебиздин  туулганына 180 жыл болот. Андан сырткары Алымбек датка дээрлик 30 жылдай Анжиян вилаетинин акими болгон. Өзбек элинде бул эки датканын кадыр-баркы чоң. Ошондуктан сунуш катары Курманжан датканын 180 жылдык мааракесин мүмкүн болсо өзүңүз жетектеп, болбосо, колдоп, мамлекеттик деңгээлде, Өзбекстандын катышуусу менен өткөрөлүк” деген пикирин сунуштаган”. (Текст өзгөртүүсүз берилди.)

А иштин чын-төгүнү кандай эле?

Чындыгында эле 1991-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев да катышкан Ош облустук эл депутаттар Советинин сессиясы болгон. Бирок, сессиядагы карала турган негизги маселе Ош окуясына баа берүү эмес, эл депутаттарынын Ош облустук Советинин төрагасын шайлоо эле. Ош окуясы тууралуу эч кандай сөз козголгон эмес. (Жыйынтыгында төрагалыкка Баатыралы Сыдыковдун талапкерлиги көрсөтүлүп,  шайланган). Сессияда ошол  учурдагы облсоветтин депутаты Чыныбек Абдыкапаров да сөз сүйлөп, маараке маселесине учкай кайрыла кеткени чын. Архивде сакталган сессиянын стенограммасын алсак, ал: “Жолдош депутаттар! Урматтуу президент! Учурдан пайдаланып Алайдан чыккан белгилүү аял Курманжан датканын юбилейин өткөрүүгө жардам берүүңүздү суранам. Биздин басма сөздө айрым темалар жакшы чагылдырылбай жатат ,талаш-тартыштар болууда, бул же тигил окуяларды чагылдырууда каршы чыкса болот, бирок газеталар, ал түгүл бышып жетилген фактылар дагы маселелерди пайда кылбайт. Мунун бардыгы турмушта болот. Мен дагы жогорудагыдагы депутаттардай эле облустук советтин төрагалыгына Б.Сыдыковдун кандидатурасын колдойм” деген экен.

А мындан энциклопедияда  чындык бурмаланып,  жалган маалымат берилип жаткандыгы кашкайып көрүнүп турат. Ал эми өзбек мамлекетин сөзгө кыстара кетишкендигинин жөнү мындай. Өзбекстандык жетекчилер маараке салтанаты, оюн-тамашасы өткөн Ак-Босого өрөөнүндөгү ат майдан үчүн  Наманган машина куруу заводунан узуну эки чакырымга тете, бийиктиги эки метрдей келген темир тосмолорду Наманган машина куруу заводунан бекер жасатып берген. Ат майданды тосуу мааракенин программасында жок болсо да, ошол кездеги Алай районунун жетекчиси Ильяс Жусубалиев  Өзбекстандын айрым облустарынын жетекчилери менен мурдатан келаткан жеке мамиле, алака-катышына таянып, аны  өзү жасаткан.  Мунун жасаган өзбекстандык чоңдор: “Ильяс ака, сизге берген жардамыбыз ушул болсун” деп ачык эле айтып, темир тосмолорду өздөрү жеткиришкен.  Сыягы,Ч.Абдыкапаров Өзбекстандын ушундай жардамдарын көрүп, мааракени уюштурууга алар да катышты деп ойлоп алса керек.

Арийне, “энциклопедиячылар” өткөн, бүткөн ишке демилгечилерди табууда Ч.Абдыкапаров менен эле чектелип  калбай: “Музейди куруу демилгеси Асан бий уулу Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары тарабынан көтөрүлүп… Музейди уюштуруу демилгеси маркум коомдук ишмер Сардарбек Исмаиловго таандык. Анын демилгесин даткалардын урпагы Жолборс Шамырбеков колдоп, уюштуруу жумуштарын жасаган”, — деп ошол 180 жылдык маараке менен кошо ачылган Гүлчөдөгү Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейинин ачылышына да “автор” таап чыгышат. 14-августта ачылган музейди 11-августта деп, шыпырылынат. Анан алар адаттагыдай эле Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары болуп чыгат.  А тактап, сүрүштүрүп көрсөк, музейдин ачылышына дегеле С.Исмаилов, Ж.Шамырбеков сыяктуу адамдардын эч кандай тиешеси жок экен. (Албетте, жаран катары, урпак катары кийин музейдин бүтүшүнө кол кабыш кылышса керек.) Бул иштердин баары атайын мамлекеттик программага киргизилип, мамлекеттик деңгээлде чечилиптир. Авторлордун ушинтип карандай калп айтканга чейин жетип, маараке Ч.Абдыкапаровдун демилгеси менен, музей С.Исмаилов,Ж.Шамырбековдордун демилгеси менен уюштурулган деп көжөлө далилдөөгө жанталашышканы түшүнүксүз.

Чындыгында, маараке кимдердин демилгеси менен уюштурулду, ага кимдер барып катышты, же болбосо, музей кимдин демилгеси менен ачылды, имаратын ким курду – ушунун баарын майдалап энциклопедияга киргизип отуруунун эч кандай зарылчылыгы жок болчу. Эгер жазылса, сөзсүз түрдө чындык гана жазылышы керек. Ошого карабай, энциклопедия авторлору менен аларды кысмактаган “урпактар”  өткөн ишке жалгандан жамаачы салууга анча кызыкдар болушту? Эмне максат көздөп жатышат? Алар антип, калпты-чынды койгулаштырып, өздөрүн көкөлөтүп, мактанабыз деп жанталашуусу менен кайра Курманжан датканын кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, анын бүт урпактарын уятка калтырып жаткан жокпу!?

Ооз жүзүндө калган тактык менен чындык

С.Өмүрзаков баш сөзүндө: “Энциклопедия тактыкты, көп эмгекти талап кылган эмгек, ар бир инсандын эмгегин кыска, нуска кылып чагылдырып, мүмкүнчүлүктүн болушунча критериялык талапка туура келген инсандарды китепке киргизүүгө аракет жасадык”деп жазат. Тилекке каршы, редкеңеш төрагасынын бул айтканы иш жүзүнө келгенде тескерисинче чыгып калган. Энциклопедияга кадырлуу мугалимдер, райондук масштабдагы чиновниктерден баштап, Алай районунун ондогон жарандары киргизилип, кыскача өмүр баяндары берилген. Албетте, биз алардын баарына көз жүгүртүп, карап чыкканыбыз жок. Тек гана жалпыга белгилүү айрым инсандар тууралуу жазылган маалыматка көз жүгүртүп көрүп эле карандай калптарга, орой каталарга тушуктук. Сөз кургак болбосун, бир-эки мисал келтирели.

Кыргыз тарыхында өзү Алайда туулуп,  Ташкентте өскөн, Россия армиясынын офицери катары биринчи дүйнөлүк согушка катышкан, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин адегенде контреволюциячылардын, анан кызылдардын катарында согушкан Сулайман Күчүков деген татаал тагдырга эгедер аскер ишмери бар. Биздин “энциклопедиячылар” китептен ага кичине орун ыйгарып койгонго жарашпаптыр. Бечара поручиктин тууган-уругу жок белем…

Алымбек датка менен Курманжан датканын небереси, 1920-жылдардагы кызыл командир Кадырбек Камчыбековдун өмүр баянында ал басмачыларды талкалоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган деп жазылып жүрөт. А чындыгында ал “Кызыл туу” орденин алган. К.Камчыбеков басмачылар менен согушкан мезгилде “Кызыл жылдыз”орлени жок болчу. Бул орден 1930-жылы гана уюштурулган.

Али жараткан көркөм дүйнөсү окурман журтчулугунун калың катмарына жетип, түшүнүлүп, өз баасын ала элек улуу жазуучу Кубатбек Жусубалиевге келгенде, аны “1941-жылы туулган,  1953-жылы Чоң-Алайдагы “Кыргызстан” 8-жылдык мектебинде мугалим” болгон деп жазышып, аны 12 жашында мугалим кылып иштетип коюшат. Ал эми китептери тууралуу “1991-жылы “Муздак дубалдар” деген китеби чыккан” деп токтолушат. К.Жусубалиевдин кечээ жакында эле, 2000-жылдары “Конфуция жана жети сөз” деген чоң китеби чыккандыгын, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”деген наамы да бар экендигин “энциклопедиячылардын” унутуп калгандыгы кечиримсиз иш го.

Мейли, “энциклопедиячылар” көркөм адабиятты  окубайт экен, ошон үчүн жаңылыптыр деп коёлу, а 1990-1994-жылдары Алай районун башкарган, дал ошол Курманжан датканын 180 жылдык мааракесин өткөрүүдө башкы жоопкерчиликти алып, өзүнүн иш билгилиги, уюштуруучулугу менен мааракени жогорку деңгээлде өткөрүүгө жетишкен белгилүү советтик-партиялык-коомдук ишмер Ильяс Жусубалиев тууралуу да чындыкка коошпогон маалыматтарды беришкенин кандай түшүнүүгө болот?

И.Жусубалиев 1990-1995-жылдары Кыргызстандын “легендарлуу” парламентинин депутаты болгон. А китепте анын депутаттык мөөнөтү 1990-1992-жылдар деп, үч жылга кыскартылып көрсөтүлөт. Башкасын айтпаганда дагы, ошол “легендарлуу”парламент 1993-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясын кабыл албады беле? Андан сырткары, И.Жусубалиев парламентте активдүү ишмердик жүргүзүп, экономокалык жактан ыңгайсыз абалдагы тоолуу райондордун кызыкчылыгын көздөп, 1993-жылы Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунда эркин экономикалык зоналарды түзүү демилгесин көтөрүп,бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун чыгартууга да жетишкен. (Өкмөттүн шалаакылыгынан улам кийин бул токтом аткарылбай калган.) Мына ушундай маанилүү иштерди элес албай туруп, “легендарлуу” парламенттин ишмердигин 1992-жыл  менен чектөөнү кандай тактык деп түшүнөбүз? Андан тышкары, авторлор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери, убагында Алайдагы Талды-Булак көмүр кенин ачкан И.Жусубалиевдин Эл депутаттарынын Ош облустук, Таш-Көмүр, Ош, Кызыл-Кыя шаардык, Алай райондук советтерине ар бирине эки жолудан депутаттыкка шайланганын да “унуткарып” коюшат.

Деги качанга чейин өзүбүз билгендей энциклопедия, кабарнаамаларды түзүп, чындыкты өзүбүз каалагандай бурмалап, ээнооздук кыла беребиз? Ар нерсенин чеги бар да акыры!. Мындай ээнооздук менен чаласабаттыкты токтото турган да учур келди го…

Албетте, китептин мындай чаласабат, “жарымы жалган, жарымы чын” абалда басылып чыгышында “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясынын да күнөөсү бар. Ырас, китепти бул редакциянын кызматкерлери даярдаган жок. Тек, кичине сый гана көрүштү. Иш С.Өмүрзаков баш болгон жеке авторлор тарабынан бүткөрүлдү. Бирок, китеп “энциклопедия” аталып, “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясынын аты менен чыгып жаткан соң, бул мекеменин кызматкерлери жок дегенде өздөрүнүн кадыр-баркы, “Кыргыз энциклопедиясынын” кепке калып, уят болбошу үчүн деле кичине түйшөлүп, китепти жакшылап редакциялап, оркойгон каталарын оңдоп чыгышса болмок.

Абдувахаб МОНИЕВ