Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы бычакталып ооруканага түштү

Чүй облусттук ички иштер башкармалыгыны мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев бир нече жеринен бычак жеп ооруканага түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматтарга ылайык, Сарчаевге бычакты анын жубайы 1983-жылкы М.Б., сайган.  Жаңжал экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыкканы айтылууда. Учурда Н.Сарчаевге операция жасалып, ооруканада.

Ал эми окуя боюнча 234-берене (турмуштук жаңжал) менен кылмыш иши козголуп, шектүү учурда Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, Нурлан Сарчаев Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө 19 жашар кыздын бычакталышына жол берген кызматкерлерге карата иликтөөнүн натыйжасында 4-июнда кызматтан алынган болчу.