Алты жаштагы баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналындагы суу кое берилди

13-июлда Ленская көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу бала чөгүп кеткен. Аны издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

17-июлда Айыл-чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги менен Чоң Чүй каналындагы сууну издөө иштери жүрүп жатканда көлөмүн азайтып туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Суунун көлөмүн азайтуу үчүн аны токтотуу 17-июль күнү түндө жүргүзүлдү. 18-июль, саат 07:00дөн баштап  баланы издөө күчөтүлгөн режимде башталды. Ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын башкармалыгынан, Чүй облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан, куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан куткаруучу бригадалар тартылды. Жалпысынан 70 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө.