Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Ош шаарынын мэри болуп Таалайбек Сарыбашов шайланды. Шайлоого шаардык кеңештин 45 депутатынын 44ү талапкердин шайлануусуна «макул» добуш берсе, «каршы» 1 добуш берилди.

Сарыбашев буга чейин мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынак тапшырып, комиссиянын чечими менен «кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет» деген баа алган. Ал ушул убакытка чейин Өкмөттүн Ош облусундагы атайын өкүлү кызматын аркалап келген.

Эскерте кетсек, Ош шаарын 2014-жылдын январь айынан бери жетектеп келген Айтмамат Кадырбаев 3-июль күнү кызмат ордунан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.