25-30 жаштар чамасындагы аял 5-кабаттан кулап түштү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте 25-30 жаштагы аял көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап түштү.

Окуя 18-июль күнү саат 09:20 чамасында Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 25-30 жаштагы азият улутундагы аял кулап, 1-кабаттагы чатырдын үстүнө кулап түшкөн. ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары аялды чатырдан түшүрүп «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Учурда анын өздүгү такталууда.