Түптө чагылган түшүп, малдар өлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айылында жайгашкан “Суран” жайлоосунда чагылган түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-июлда болжол менен саат 22:00дө чагылган К. Солтоевдин короосуна түшүп, анда камалган 44 кой жана 12 баш эчкиси өлгөн.

18-июль күнү Жарандык коргонуу комисиясынын катышуусунда Кутургу айылынан 6 чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга белгиленген тартипте өлгөн жаныбарларды көмүү иш-чаралары жүргүзүлүлгөн.

Учурда келтирилген чыгым такталууда.