Албек Ибраимов камакка алынды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасында 2012-жылда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал учурда ишкананын жетекчиси Албек Ибраимов болчу. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишин “саясый куугунтук” деп сыпаттаган.

Эске сала кетсек, шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган. Анткен менен 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин көрсөтүп, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Бирок Өкмөт башчысы ага кол кое элек.

Мындан тышкары, Ибраимов Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө да тиешеси бар деп шектелүүдө.